Бишкек шаарында Европа биримдигинин стандарттарына жооп берген алгачкы санитардык полигон ачылды

01.11.2023
Кыргыз Республикасы
Press and information team of the Delegation to KYRGYZSTAN

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) жана Европа Биримдиги (ЕБ) тарабынан колдоого алынган маанилүү инфратүзүмдүк долбоордун аякташы Кыргыз Республикасынын борбору  - Бишкек шаарынын бир миллиондон ашык калкына экологиялык жактан олуттуу пайда алып келет. Жаңы шаардык полигон улуттук жана европалык экологиялык стандарттарга ылайык курулган өлкөдөгү биринчи полигон болмокчу.

Көлөмү 1,9 млн. ​​м³ болгон полигон жакынкы он жылда Бишкекке катуу тиричилик калдыктарын коопсуз түрдө жок кылууга мүмкүндүк берет. Полигондун гидроизоляциялык тутум менен жабдылышы фильтратты (ачуу жыттуу булганган суюктукту) тосуп калууга жана тазалоого, анын жер астындагы сууга кошулуп, аларды булгап кетүүсүнө жол бербейт.

ЕРӨБдин кредит түрүндө бөлгөн  22 млн евро жана Европа Биримдиги грант түрүндө бөлгөн 8 миллион евро каржылоо пакети “Тазалык” муниципалдык ишканасына оперативдүү башкарууну жакшыртууга, анын ичинде жаңы эсеп-кысап тутумун киргизүүгө жардам берди.

«Тазалык» жана «Бишкек санитардык полигону» ишканаларына таштандыларды чогултууну жакшыртуу, эскирген жабдууларды алмаштыруу, жаңы санитардык полигонду куруу жана Бишкек шаарында таштандыларды азайтуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө жардам берген бул долбоор Евробиримдиктин гранттары жана ЕРӨБ кредиттери менен ишке ашырылууда. Евробиримдиктин талаптарына жооп берген жаңы санитардык полигондун курулушу долбоордун компоненттеринин бири болуп саналат. Жаңы полигон муниципалдык кызматтарды, абанын сапатын бир топ жакшыртат жана Бишкектин экологиялык жактан таза болушуна өбөлгө түзөт», - деди Евробиримдиктин Кыргызстандагы элчиси Мэрилин Йосефсон.

“Тазалык” муниципалдык ишканасы бөлүнгөн каражатка таштанды чогултуучу заманбап унааларды жана алардын ишин мониторинг кылуу үчүн GPS навигация тутумун сатып алды. Берилген каражат таштандыларды чогултуучу жаңы пункттарды курууга да мүмкүндүк берди.

Бүгүнкү күндө Европа Биримдиги Кыргыз Республикасына 100 миллион евродон ашык гранттарды берип, бул ЕРӨБ менен өнөктөштүктө суу, катуу калдыктар жана энергетика секторлорун колдоо долбоорлоруна кошумча 205 миллион евро инвестиция тартууга өбөлгө түздү. Жалпысынан өлкө боюнча 15 шаар жана 8 айыл бул колдоодон пайдаланышты. Көрсөтүлгөн колдоонун аркасында Кыргызстандын тургундары таза ичүүчү сууга, энергетикалык ресурстарга жана катуу таштандылардан арылуу боюнча сапаттуу кызматтарды алышат.

ЕРӨБ Кыргыз Республикасына 231 долбоорду жүзөгө ашыруунун алкагында 915 миллион евро өлчөмүндө инвестиция жасады, бул каражаттын басымдуу бөлүгү жеке ишкердикти колдоого багытталган. Өлкөнүн 24 муниципалитетинде суу менен камсыздоо боюнча 28 долбоорду ишке ашырууга 178 миллион еврого жакын инвестиция жасалган.

ЖМК үчүн байланыштар:

 

Чынтемир КАЛБАЕВ

ММК жана маалымат боюнча координатор

chyntemir.kalbaev@eeas.europa.eu   

+996312261003 (ext 126)