Борбордук Азиядагы 6-Европа Биримдигинин жарандык коом форуму өттү
Форум Европа Биримдиги тарабынан демилгеленген жана колдоого алынган флагмандык жылдык платформа болуп саналат жана жаштардын катышуусун, инклюзивдүү өнүгүүнү жана ачык жарандык диалогду илгерилетүү боюнча Европа Биримдигинин Борбордук Азия өлкөлөрү менен узак мөөнөттүү өнөктөштүгүн чагылдырды.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Ызакова Сайра Темирбековна куттуктоо сөзүндө жарандык коомдун маанилүү ролун баса белгиледи: «Диалог - бул туруктуу өнүгүүнүн пайдубалы, ошондой эле мамлекет, жарандык коом жана эл аралык өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн негизги механизми. Жарандык коом жана мамлекеттик органдар көп учурда бир эле процесстин ар башка тараптары катары кабыл алынат, бирок чындыгында биз өлкөлөрүбүздүн келечеги жана жарандарыбыздын жыргалчылыгы үчүн жалпы жоопкерчилик менен бириктирилген өнөктөштөрбүз».
«Изилдөөлөр күчтүү жарандык коом улуттук туруктуулуктун жана гүлдөп-өнүгүүнүн негизги таянычтарынын бири экенин дайыма көрсөтүп турат. Жөнөкөй жалпы мейкиндиктерди чыныгы коомчулуктарга айландырган нерсе - бул активдүү жарандардын туруктуу катышуусу. Европа Биримдиги жарандык коомду чыңдоого багытталган демилгелерди колдоп жана аларга мүмкүнчүлүк бергенине сыймыктанат», - деп Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, Эдуардс Стипрайс мырза белгиледи.
«Биз Борбордук Азиядагы жарандык коом уюмдары жана башка жарандык коомдун катышуучулары эркин пикир алмашып, аймактын келечектеги өнүгүүсү боюнча өз көз караштары менен бөлүшө турган платформа түзүүгө чоң маани беребиз. Жакында эле Европа Биримдиги адам укуктарын колдоо жана Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө салым кошуу үчүн жарандык коомдун маанилүү демилгеоерине 5 миллион евро грант бөлдү», - деп белгиледи Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Реми Дуфло мырза.
Ачылыш сөзүндө БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Антье Граве айым: «Жарандык мейкиндик ачык болгон жерде инновация гүлдөйт, маргиналдашкан топтордун үнү угулат жана коомдук ишеним өсөт. Ал чектелүү болгон жерде Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү прогресс солгундайт», - деп белгиледи.
2026-жылы иш-чара Европа Биримдигинин Global Gateway демилгесинин артыкчылыктарын колдоо үчүн жарандык коомдун диалогун конкреттүү аймактык аракеттерге айландырууга багытталды. Эки күндүн ичинде форумдун катышуучулары пленардык сессияларга жана беш негизги багыттагы тематикалык талкууларга катышышты:
- Санариптик трансформация
- Климат жана айлана-чөйрөнү коргоо
- Башкаруу, социалдык жана жоопкерчиликтүү ишкердик
- Аялдардын укуктарын кеңейтүү
- Жаштардын чечим кабыл алууга катышуусу
Форум тематикалык жумушчу топтор жана Жаштар боюнча консультативдик кеңештер тарабынан иштелип чыккан аймактык күн тартибин бириктирет, алар Европа Биримдигинин Борбордук Азия менен кызматташтыгынын алкагында андан ары өркүндөтүлүп, саясат жана программалоо диалогунда колдонулат.
Жогорку деңгээлдеги пленардык сессиялардан тышкары, форум жарандык коом уюмдарынын потенциалын чыңдоого жана алардын мамлекеттик саясатты иштеп чыгууда жана ишке ашырууда өнөктөш катары ролун жогорулатууга багытталган Европа Биримдигинин каржылоосуна жетүү боюнча практикалык сессияларды камтыйт.
Инклюзивдүү диалогду, эл аралык өз ара аракеттенүүнү жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү менен, форум Европа Биримдигинин жарандык коомду демократиялык башкарууда, туруктуу өнүгүүдө жана Борбордук Азия аймагынын туруктуулугун чыңдоодо негизги өнөктөш катары колдоого болгон милдеттенмесин чагылдырат.