ЕБнин КР Өкүлчүлүгү жаңы кеңсе башчысы, элчи Мэрилин Йосефсонду күтүп алды

06.09.2022
Бишкек, Кыргыз Республикасы
Press and information team of the Delegation to KYRGYZSTAN

Кечээ, 1-сентябрдан тарта Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн жаңы элчиси, Улуу Урматтуу Мэрилин Йосефсон, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри, Жээнбек Кулубаев мырзага ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Ошентип, ал расмий түрдө Кыргыз Республикасындагы өзүнүн милдеттерин аткарууга киришти.

Бишкек, 2022-жылдын 6-сентябры – Кечээ, 1-сентябрдан тарта Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн жаңы элчиси, Улуу Урматтуу Мэрилин Йосефсон, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри, Жээнбек Кулубаев мырзага ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Ошентип, ал расмий түрдө Кыргыз Республикасындагы өзүнүн милдеттерин аткарууга киришти.

Кыскача салтанат Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде болуп өттү. Министр Жээнбек Кулубаев Элчи Мэрилин Йосефсонду жылуу кабыл алып, Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн анын ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Элчи Мэрилин Йосефсон өз кезегинде министр Кулубаевге жылуу кабыл үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы мамилелерди мындан ары да чыңдоого бекем ниетин баса белгиледи. Коопсуздук жана чек араны көзөмөлдөө кызматташтыгы сыяктуу тармактарда эки тараптуу жана аймактык саясий диалог жагынан да; ошондой эле соода жана жеке секторду өнүктүрүү, санариптештирүү, «жашыл» экономикага өтүү жана суу-энергетика тармагындагы кызматташуу сыяктуу өнүктүрүүнүн жаңы багыттары боюнча мамилелерге басым койду. Ал ошондой эле Европа Биримдигинин мүчө мамлекеттери жана Европа инвестициялык банкы (ЕИБ), Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) сыяктуу ЕБ институттарынын кеңири топтому менен тыгыз кызматташууну камтыган «Европа командасынын» ЕБ үчүн артыкчылыктуу болгонун баса белгиледи.

Келе жаткан айлардагы ЕБ менен Кыргызстандын кеңири күн тартибин эске алуу менен эки тарап алдыдагы эки тараптуу жана аймактык сапарларды жана иш-чараларды, анын ичинде Брюссель жетектеген GSP+ миссиясы менен бир убакта өтүүчү Евробиримдик-Кыргызстан адам укуктары боюнча диалогу жана ноябрда Самаркандда өтүүчү Борбор Азия менен ЕБ байланышы боюнча конференцияны талкуулашты.

Элчи Мэрилин Йосефсон швед дипломаты, буга чейин Европа Биримдигинин Тажикстандагы Элчиси/Делегациянын башчысы болуп иштеген, ошондой эле Брюсселдеги Европанын тышкы иштер кызматында иштеген. Ал буга чейин Нидерланддар, Эфиопия жана Замбиядагы элчиликтерде; ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Украинадагы жана Конго Демократиялык Республикасындагы Чек арасыз дарыгерлер уюмунда иштеген. Элчи Мэрилин Йосефсон швед, англис жана француз тилдеринде эркин сүйлөйт, ошондой эле португал, испан жана орус тилдеринин негизин билет.

ЖМК үчүн байланыштар:

Чынтемир КАЛБАЕВ

ЖМК жана маалымат боюнча координатору

chyntemir.kalbaev@eeas.europa.eu

+996312261003 (ext 126)