Евробиримдиктин санкциялары боюнча окутуу семинарлары мамлекеттик жана жеке сектордун өкүлдөрү үчүн Бишкекте өткөрүлдү

10.11.2023
Кыргыз Республикасы
Press and information team of the Delegation to KYRGYZSTAN

2023-жылдын 9-10-ноябрында Европа Биримдиги (ЕБ) Бишкекте, Евробиримдиктин санкциялары боюнча Эл аралык Илим жана Технология Борборунун (ISTC) жана Сертификатталган Санкциялар боюнча Адистер Ассоциациясынын (ACSS) уюштуруучулук колдоосу менен окуу семинарларын уюштурду.

Семинарлардын негизги максаты Евробиримдиктин санкциялары жана алардын колдонулушу тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу жана бул чаралардан буйтап өтүүгө жол бербөө болду. Семинардын биринчи күнүндө мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ал эми экинчи күнү Евробиримдиктин санкциялары тууралуу маалыматын жогорулатууга кызыкдар болгон кыргызстандык жеке компаниялар катышты.

Евробиримдиктин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Лене Волкерсен айым төмөнкүлөрдү билдирди:

«Ушул аптада Евробиримдиктин санкциялары боюнча окутуу семинарына Кыргызстандын бийлигинен жана жеке секторунан көптөгөн адамдардын катышканына кубанычтамын. Бул күндөрү Кыргызстандын Евробиримдиктин санкциялары кандай иштээрин түшүнүүгө катуу кызыкдар экенин байкоо мүмкүн болду. Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларынын түпкү максаты анын Украинага каршы согушту улантуу мүмкүнчүлүгүн чектөө болуп саналат жана биз Кыргызстандын санкцияларды айланып өтүү үчүн аянтча болууну каалабай турганын кубаттайбыз. Биз мамлекеттик бийлик органдары жана жеке сектор менен бул диалогду улантууну чыдамсыздык менен күтөбүз».

Окутуу семинарларын ЕБ өкүлдөрү жана санкциялар боюнча адистер тобу өткөрдү жана иш-чара презентациялардан жана интерактивдүү суроо-жооп сессияларынан турду.