Евробиримдик Кыргызстандагы чек ара чатагынан жабыркагандарга жардам көрсөтүүдө

26.10.2022
Кыргыз Республикасы
Press and information team of the Delegation to KYRGYZSTAN

Евробиримдик Кыргызстан менен Таджикстандын чек арасында сентябрдын ортосунда болгон куралдуу кагылышууга жооп катары суммасы 210 миң евродон ашуун гуманитардык жардам көрсөтөт. Жардам Кыргызстандын Баткен облусундагы жапа чеккен тургундарды колдоого багытталат.

Бишкек, 26-октябрь, 2022-жылЕвробиримдик Кыргызстан менен Таджикстандын чек арасында сентябрдын ортосунда болгон куралдуу кагылышууга жооп катары суммасы 210 миң евродон ашуун гуманитардык жардам көрсөтөт. Жардам Кыргызстандын Баткен облусундагы жапа чеккен тургундарды колдоого багытталат.

Евробиримдиктин каржылоосу Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай Коому (КР КЖУК) аркылуу жабыр тарткан үй-бүлөлөргө, өзгөчө үй-жайынан айрылгандарга акчалай жөлөкпулдарды бөлүштүрүүгө багытталууда. Мындан тышкары ден соолукту жана гигиенаны чыңдоо иш-чаралары, гигиеналык каражаттар жана психологиялык колдоо да көрсөтүлмөкчү.

Каржылоо Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдор федерациясынын алдындагы (ЭККФ) Табигый кырсыктар үчүн өзгөчө кырдаалдар жардам көрсөтүү фондуна (DREF) Евробиримдик салымынын жалпы бир бөлүгү, ошондой эле муктаж болгон жамааттарга натыйжалуу жана ылайыкташтырылган жергиликтүү жоопту камсыз кылуу үчүн ЭККФ менен Программалоо өнөктөштүгүнүн бир бөлүгү болуп саналат.

Жалпы маалымат

Евробиримдик жана анын мүчө-мамлекеттери гуманитардык жардам боюнча дүйнөдөгү алдыңкы донор болуп саналат. Жардам дүйнө жүзү боюнча муктаж адамдарга карата Европа тилектештиктигинин мисалы болуп саналат. Ал адамдардын өмүрүн сактап калууга, адамдардын кайгысын алдын алууга жана жеңилдетүүгө, ошондой эле табигый кырсыктардан жана антропогендик кризистерден жапа чеккен калктын бүтүндүгүн жана адамдык кадыр-баркын коргоого багытталган.

Чынтемир КАЛБАЕВ

ММК жана маалымат боюнча координатор

chyntemir.kalbaev@eeas.europa.eu   

+996312261003 (ext 126)