Еврокомиссар Йозеф Сикела Евробиримдик менен Кыргызстандын өнөктөштүгүн Global Gateway келишимдери менен алдыга жылдырды
Сапарынын жүрүшүндө Комиссар Сикела Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы макулдашуунун кол коюлушуна күбө болду. Бул макулдашууга Европалык Биримдиктин чоң гранттык жардамы киргизилген: Кыргызстандын суу ресурстарын туруктуу башкаруу программасы ЕРӨБ тарабынан 42 миллион евро насыя жана Европалык Биримдиктин 15 миллион евро гранты менен камсыздалат. Бул инвестициялар ирригация инфраструктурасын жакшыртат, суу бөлүштүрүүнү автоматташтырат жана климаттык туруктуулукту бекемдөө максатында инновациялык суу башкаруу системаларын колдоого алат.
Комиссар Сикела бул демилгени Кыргызстан үчүн өзгөртүүчү деп белгиледи: «Кыргызстан жаңылануучу энергия чөйрөсүндө чоң потенциалга ээ, жана Европа Биримдиги бул потенциалды ишке ашырууга өбөлгө түзүп, регионго туруктуу жана узак мөөнөттүү пайда алып келе турган долбоорлорду колдоого даяр. CASA-1000 жана Камбарата ГЭС-1 сыяктуу демилгелер Кыргызстанда энергетикалык инфраструктураны жакшыртууга жана электр энергия соодасын өнүктүрүүгө багытталган».
Комиссар жаштарга жана адам укуктарына болгон умтулуусун улантып, БУУ аркылуу ишке ашырыла турган жаштар, гендердик теңчилик жана адам укуктарына багытталган 5 миллион евролук жаңы ЕБ программасын ишке киргизди. Бул демилге жаштар жана аялдар уюмдарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет, Акыйкатчы институтун бекемдейт жана Кыйноолорго каршы агенттиктин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатат. Кошумчалай кетсек, ЕБ санариптештирүү жана билим берүү багытында умтулуп, жыл сайын кыргызстандык студенттерге 300дөн ашуун стипендия берип келет .
Комиссар Сикела президент Садыр Жапаров жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен болгон жолугушууларында стратегиялык өнөктөштүктү талкуулады, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы тарыхый чек ара келишимин аймактык тынчтык үчүн чечүүчү мааниге ээ деп баалады жана Евробиримдик Борбордук Азия менен Европанын ортосундагы аймактык интеграцияга жана байланышка берилгендигин дагы бир жолу ырастады.
Комиссар Сикела ошондой эле Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин элчилери жана Дүйнөлүк банктын, АӨБ, ЕРӨБ жана ЕИБнын өкүлдөрү менен артыкчылыктуу инвестицияларды, анын ичинде энергетика жана суу көйгөйлөрүн чечүү үчүн аймактык кызматташтыкта маанилүү жетишкендик болгон Камбар-Ата-1 ГЭСине Евробиримдиктин потенциалдуу колдоосун аныктоо боюнча талкууларды өткөрдү.
Бул сапар президент Жапаровдун 2024-жылы Брюсселге болгон иш сапарынын негизинде апрель айынын башында Өзбекстанда өтүүчү ЕБ-Борбор Азия биринчи саммитине даярдыктын бир бөлүгү болуп саналат.
Евробиримдиктин Глобалдык Gateway инвестициялык стратегиясы 2027-жылга чейин дүйнөлүк масштабда 300 миллиард евро мамлекеттик жана жеке инвестицияларды мобилизациялоону, туруктуу өсүштү колдоону, санариптик, энергетикалык жана транспорттук байланышты жакшыртууну жана күчтүү билим берүү жана изилдөө системаларын алдыга жылдырууну көздөйт.