Европага саякат: Бишкекте EU Fest 2026 өтөт

03.06.2026
Бишкек, Кыргызстан
Press and information team of the Delegation to KYRGYZSTAN

6-июнда Эмен багында Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү, ЕБге мүчө мамлекеттер жана өнөктөштөр тарабынан уюштурулган ачык асман алдындагы маданий фестиваль — EU Fest 2026 өтөт. Фестиваль бардык каалоочулар үчүн акысыз ачык болот.

 

Быйылкы фестивалдын темасы — «Европага  саякат» — конокторду Европа Биримдиги боюнча символикалык жана интерактивдүү бир күндүк саякатка чакырат. Фестивалдын жүрүшүндө катышуучулар европалык маданияттын, чыгармачылыктын, билим берүүнүн, инновациялардын жана салттардын ар түрдүүлүгү менен таанышат. EU Fest 2026 Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы көп жылдык өнөктөштүктү белгилеп, элдерибизди бириктирген ар түрдүүлүктү жана жалпы баалуулуктарды даңазалайт.

Бир күндүн ичинде коноктор ЕБге мүчө мамлекеттердин павильондорун кыдырып, маданий жана чыгармачыл иш-чараларга катышып, ЕБ колдогон долбоорлор тууралуу маалымат алып, ошондой эле көрсөтүүлөргө, мастер-класстарга жана үй-бүлө үчүн көңүл ачуучу программаларга күбө боло алышат. Интерактивдүү форматта уюштурулган фестиваль ар бир адамды бул окуянын бир бөлүгү болууга чакырат.

EU Fest паспорту — фестивалдын кире беришинде конокторго берилүүчү атайын даярдалган буклет — фестивалды кызыктуу саякатка айлантат. Коноктор тапшырмаларды аткарып, суроолорго жооп берип, сүрөткө түшүп жана «Европанын үндөрү» же «Европанын алакан издеринин картасы» сыяктуу чыгармачыл сынактарга катышуу аркылуу мөөр топтой алышат. Жетиштүү санда мөөр топтогон коноктор саат 17:00дө өтүүчү EU Fest лотереясына катыша алышат.

Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Элчиси, Реми Дюфло Бишкектин тургундарын жана конокторун майрамга кошулууга чакырат:

«EU Fest — бул Европаны жандуу жана интерактивдүү форматта таанып-билүү мүмкүнчүлүгү — карталар же буклеттер аркылуу эмес, адамдар, маданият, тилдер, идеялар жана жалпы тажрыйба аркылуу. Бир күнгө Эмен багы жолугушуу аянтчасына айланып, анда коноктор Европа боюнча саякат жасап, үй-бүлөсү жана достору менен жагымдуу убакыт өткөрө алышат. Биз Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кеңири өнөктөштүк менен сыймыктанабыз жана аны 6-июнда бардыгыңыздар менен бирге белгилөөнү чыдамсыздык менен күтөбүз».

Ишемби, 2026-жылдын 6-июну, саат 10:00–20:00

Эмен сейил багы, Бишкек

Кирүү акысыз, фестивалдын катышуучусунун паспорту да акысыз