Европарламенттин Тышкы иштер комитетинин Кыргызстанга болгон иш сапары аяктады

25.08.2023
Кыргыз Республикасы
Press and information team of the Delegation to KYRGYZSTAN

Европа парламентинин мүчөлөрүнүн Борбордук Азияга болгон иш сапары аяктады. Анын жүрүшүндө жогорку даражадагы аткаминерлер жана кызыкдар тараптар менен болгон талкууларда санкцияларды айланып өтүү маселеси негизги орунду ээледи.

Бишкек, 25-август - Европа парламентинин мүчөлөрүнүн Борбордук Азияга болгон иш сапары аяктады. Анын жүрүшүндө жогорку даражадагы аткаминерлер жана кызыкдар тараптар менен болгон талкууларда санкцияларды айланып өтүү маселеси негизги орунду ээледи.

Россиянын Украинага каршы агрессиясы башталгандан бери орчундуу геосаясий өзгөрүүлөр болууда. Европа биримдиги бул өзгөрүүлөргө жооп катары бүткүл дүйнө боюнча өнөктөр менен өз ара аракеттенүүнү, анын ичинде Борбордук Азия менен мамилени да күчөтүүдө. Ушуга байланыштуу Европарламенттин Тышкы иштер боюнча комитетинин делегациясы 21-августтан 25-августка чейин Казакстанда жана Кыргызстанда болду.

Кыргызстанда делегация Президент Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы жана мүчөлөрү, Тышкы иштер министринин орун басары, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү жана көз карандысыз ЖМКлар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Иш сапардын жыйынтыгында Тышкы иштер боюнча комитеттин төрагасы Дэвид Макаллистер (ЕЭП – Европанын Элдик Партиясы, Германия) төмөндөгүлөрдү айтты: “Борбордук Азия Европа биримдиги үчүн стратегиялык мааниге ээ. Биздин Казакстанга жана Кыргызстанга сапарыбыз бизди бул жактарда болушубуз керектигин жана региондогу өлкөлөр менен кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын далилдеди.

Биз сыноолордун, ошондой эле биздин мамилелер үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн дагы мезгилинде жашап жатабыз. Биз козгоп жаткан айрыкча актуалдуу темалардын бири – санкцияларды айланып өтүү тобокелдиги. Биз санкциялардын Борбордук Азия өлкөлөрүнө эмес, агрессорлорго – Россия менен Беларуска каршы багытталганын баса белгиледик. Санкцияларды айланып өтүү мүмкүндүгү Россиянын согуш машинасына май куюп жана Украинадагы курмандыктардын саны көбөйүшүнө алып келет.

Биз эки өкмөттүн тең бул маселе боюнча ЕБ менен кызматташууга даяр экендигин колдойбуз.

Өз ара байланыш тармагында кызматташууда эки тарап үчүн тең абдан чоң потенциал бар. Мындан тышкары, бул иш Борбордук Азия аймагында кызматташууга жана ишенимди чыңдоого өбөлгө болот. Транскаспий коридору санкция салынган өлкөлөрдү айланып өтүп Борбордук Азия менен Европанын ортосунда альтернативдүү жол болуп, дүйнөлүк рынокторго түз чыгууну камсыздайт.  Жакында эле Казакстан менен өтө маанилүү сырьелук материалдар жагында кызматташуунун чыңдалышы маанилүү өз ара пайда берет.

Биз ошондой эле адам укугуна жана жарандык коомго байланыштуу маселени да талкуулап, эки өлкөнүн тең массалык маалымат каражаттарына жана бейөкмөт уюмдарына тиешелүү мыйзам демилгелерине тынчсыздануубузду билдирдик. Бул жарандык коом жана ЖМК үчүн мейкиндиктин азайышына же адам укугуна байланыштуу абалдын начарлашына алып келбөөгө тийиш. Бул маселеде Кыргызстан узак убакыт бою жакшы мисал болуп келген. Биз өнөктөштөрүбүздү ушул багытты улантууга үндөдүк”.

Макаллистер мырза менен бирге делегацияда Европанын парламентарийлери: Желяна Зовко (ЕНП, Хорватия), Георге-Влад Нистор (ЕНП, Румыния), Манолис Кефалогианнис (ЕНП, Греция), Карстен Луке (СД – Европа парламентиндеги Социалисттердин жана демократтардын прогрессивдүү альянсы), Юозас Олекас (СД, Литва) жана Клемен Грошель (RENEW – Жаңыланган Европа, Словения) да болушту. 

Иш сапардын сүрөттөрү бул шилтеме аркылуу жеткиликтүү. 

ЖМК үчүн байланыштар:

Чынтемир КАЛБАЕВ

ММК жана маалымат боюнча координатор

chyntemir.kalbaev@eeas.europa.eu 

+996312261003 (ext 126)