Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Реми Дюфло мырзанын куттуктоо сөзү
Саламатсыздарбы!
Менин атым Реми Дюфло, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчисимин. Мен үчүн кооз тоолордун, бай салттардын, меймандос элдин жеринде болуу чоң сыймык.
Европа Биримдиги менен Кыргызстан көп жылдар бою бекем жана ишенимдүү өнөктөштүктү түзүп келишкен. Бүгүнкү күндө биздин кызматташтыгыбыз мурдагыдан да кеңири. Биз бир эле максаттарды көздөйбүз: туруктуу өнүгүү, айлана-чөйрөнү коргоо, мыйзам үстөмдүгүн жана адам укуктарын чыңдоо жана жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.
Менин ыйгарым укуктарым учурунда мен мамилелерибизди өнүктүрүү максатында иш алып барам. Мен Кыргызстандын бардык аймактарындагы - студенттер, ишкерлер, жарандык коом, журналисттер, маданий лидерлер жана жергиликтүү коомчулуктар мене жолугушуп маек курам. Сизлердин идеяларыңар биздин ишибизди калыптандыра алат.
Европа Биримдиги Кыргызстандын жашыл өткөөлүн, санариптик өнүгүүсүн жана экономикалык туруктуулугун чыңдоого жардам берүүнү улантат. Ошондой эле, маданият, студентттик программалар, биргелешкен изилдөөлөр жана ачык диалог аркылуу элибиздин ортосунда байланышты кеңейте беребиз.
Мени өлкөңүздөргө жылуу тосуп алганыңыздар үчүн рахмат. Бирге жолго чыгып атканыбызга кубанычтамын.
Көрүшкөнчө!