Европа Биримдиги Кыргызстанга билим берүү тармагын колдоо үчүн 7 миллион евро бөлүп берди
Бул 2023-2026-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бюджеттик колдоо программасына бөлүнгөн 27 миллион евронун биринчи төлөмү болуп саналат. Программа билим берүүнүн сапатын жана окуучуларды баалоо системасын, гендердик теңдикти жана көп тилдүү билим берүүнү жакшыртууга жана мамлекеттик каржыны башкарууну күчөтүүгө багытталган. Каржы министрлиги гранттык каражатты билим берүүнүн сапатын жакшыртууга, окуу китептери менен камсыздоого жана бардык мектептерди интернет менен камсыздоого багыттады.
Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы элчиси Мэрилин Йосефсон төмөндөгүлөрдү билдирди: «Бардыгы үчүн жеткиликтүү билим берүү системасы Кыргызстандын өкмөтү менен Евробиримдиктин кызматташтыгынын негизги приоритети болуп саналат жана бул Евробиримдиктин Кыргызстандын өнүгүү күн тартибин колдоого бекем умтулуусун чагылдырат”.
CONTACT DETAILS
ЖМК үчүн байланыштар:
Чынтемир КАЛБАЕВ
ММК жана маалымат боюнча координатор
chyntemir.kalbaev@eeas.europa.eu
+996312261003 (ext 126)