Жалал-Абадда «Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү» программасы ийгиликтүү аяктады

16.11.2023
Кыргыз Республикасы
Press and information team of the Delegation to KYRGYZSTAN

14-ноябрда Жалал-Абад шаарында «Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү» программасынын (IRDP)  салтанаттуу жыйынтыктоо аземи болуп өттү. Жалпы бюджети 11.5 млн. евро болгон программа Европа Биримдиги жана Германия Өкмөтүнүн биргелешкен каржылоосу менен Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германия эл аралык кызматташтык коому) тарабынан 2018-2023-жж. ишке ашырылды. Программа Жалал-Абад облусунда жергиликтүү калктын айыл чарбасынан жана туризмден киреше алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу аркылуу жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган.

Кыргызстанда Европа Биримдигинин элчиси, Мэрилин Йосефсон айым ачылыш сөзүндө: “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасы Кыргызстандын бардык аймактарында туруктуу өнүгүүнү, экономикалык өсүштү жана жамааттардын жашоо шартын жакшыртууну колдоо боюнча Европа Биримдигинин милдеттенмеси менен толук шайкеш келээрин айтып: “Мен Евробиримдиктин бул долбоорго салым кошконуна жана облустун бардык аймактарындагы бизнес кооперативдерине, туристтик операторлорго, бейөкмөт уюмдарга жана жергиликтүү жамааттарга өздөрүнүн инфраструктурасын өркүндөтүүгө, потенциалды жакшыртууга жана өз иштеринде жашыл жана инклюзивдик ыкмаларды жайылтууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн сыймыктанам”, деп белгилеп кетти.

Акыркы беш жылда пограмманын алкагында айыл чарбасында жана туризмде кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү үчүн 23 грант (4,6 млн. евро) бөлгөн, мамлекеттик-жеке диалогго көмөктөшкөн жана жергиликтүү БӨУлар аркылуу аялдар менен жаштардын бизнесин өнүктүрүүгө колдоо көрсөткөн. Айыл чарбасында программалык иштердин натыйжасында буудай, арпа, пияз, биопахта жана аялдар кооперативдери тарабынан жашылча өстүрүү, жүндү кайра иштетүү, бал өндүрүү тармагында колдоо көрсөттү, айыл чарбасында 11 кооператив ишке киргизилип, 13 револьвердик фонд түзүлдү; 2 500дөн ашуун дыйкан окутууларга катышып 300 сезондук жумуш орундары жана 15 000 ден 40 000 ге чейин кыска мөөнөттүү талаа жумуштары  камсыздандырылды. Мунун бардыгы айыл чарбадан киши башына  алган кирешени 2500 евродон 8000 еврого чейин жогорулатууга жардам берди. Кошумча нарк чынжырчаларында, долбоорго катышкан дыйкандар башка дыйкандарга салыштырмалуу орточо эсеп менен алганда гектарына 70% га көбүрөөк пайда көрүштү.    

Туризм тармагында программа жергиликтүү туристтик кызматтарды көрсөтүүчүлөрдүн тармагын түзүүгө жана туристтик маршруттарды башкаруу боюнча биринчи уюмду түзүүгө жардам берди. 67 туроператорду бириктирген бул уюм, жаңы туристтик продуктуларды жана кызматтарды иштеп чыгып турат, ошондой эле аймакка көп сандаган туристтерди тартуу үчүн маркетинг боюнча иш-чараларды өткөрөт. Программанын жардамы менен 3000 адам (анын ичинен 2500 аялдар жана жаштар) эффективдүү башкаруу, санариптик маркетинг, гид кызматы жана жашыл туризм боюнча 150дөн ашуун окутууларга катышты. Айыл чарбасы да, туризм да максаттуу аймактагы үй чарбаларынын кирешесинин 20% дан ашык өсүшүнө салым кошкон.

Германиянын Кыргызстандагы элчиси, Д-р  Габриэла Геллил айым IRDP долбоорунун командасы менен долбоордун өнөктөштөрүнүн  ар кандай маселелерди чечүүнүн үстүндө биргеликте иштешкендигин, анын ичинде ирригация маселелери, кооперативдерди куруу жана айланма фонддор бар экенин белгиледи. «Мен Германиялык адистердин жана эксперттердин өздөрүнүн билими жана жөндөмдөрү менен гана бөлүшпөстөн, сиздерден, биздин өнөктөштөрдөн да көп нерселерди үйрөнүшкөнүнө ишенем», деди.

Программа ошондой эле экономикалык өнүктүрүүнү инклюзивдүү пландоону жакшыртууга орчундуу салым кошту. 44 айыл аймагында түзүлгөн  жумушчу топтор жаштарды, аялдарды, этникалык азчылык өкүлдөрүн жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды тартуу менен экономикалык өнүктүрүү планын иштеп чыгышты. Жыйынтыгында 43 приоритеттүү экономикалык чаралар ишке ашырылды, анын ичинде: ирригациялык системаларды калыбына келтирүү жана  ичүүчү таза суунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, калдыктарды утилдештирүү жана ветеринариялык кызматтарды жакшыртуу, ошондой эле аялдар жана жаштар стартаптарын колдоо сыяктуу чаралар.

Иш-чаранын аягында Кыргызстанда GIZ уюмунун директору Виктор Ветцель мырза бардык катышуучуларга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, аларга мындан ары да үйрөнгөн нерселеринин үстүндө иштөөнү, өз натыйжаларын дайыма өркүндөтүүнү жана тажрыйбасы менен бөлүшүүнү каалады. «Бүгүн биз менен бирге бул жетишкендиктерди белгилеп жатканыңыздар үчүн рахмат!. Сиздей адамдардын аркасы менен кооз Жалал-Абад гүлдөп, өнүккөн аймак болот деп ишенем!», - деп жыйынтыктады.

Программанын жыйынтыктоочу иш-чарасына долбоордун өнөктөштөрү жана бенефициарлары,  ошондой эле жергиликтүү бийликтер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.  Алар IRDP программасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнө жана программанын жүрүшүндө алынган тажрыйба жана сабактарды талкуулоого катышты, ошондой эле өнөктөш мамилелердин алкагында мындан аркы кызматташууну сөз кылышты.

«Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү» программасы GIZ тарабынан Европа Биримдиги жана Германия Өкмөтүнүн биргелешкен каржылоосу астында 2018-жылдын октябрь айынан 2023-жылдын ноябрь айына чейин иштеди. Ал Кыргызстандын түштүгүндө, өзгөчө Жалал-Абад облусунда басым жасоо менен айыл калкы, өзгөчө аялдар, жаштар жана аялуу топтордун киреше алуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга багытталган. Потенциалды өнүктүрүү, чакан инвестициялар, жергиликтүү дыйкандарды, туристтик кызматтарды көрсөтүүчүлөрдү, жарандык коом жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын колдоо аркылуу инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө түрткү берди.