Кыргызстанда Франкофония Жазы-2026 өтөт
Франкофония
Француз тили дүйнөдө эң көп колдонулган тил катары бешинчи орунду, Интернетте эң көп колдонулган тил катары төртүнчү орунду ээлейт жана мааниси боюнча үчүнчү ишкер тили болуп саналат. Бул тилде беш континентте 330 миллиондон ашык адам сүйлөйт. Француз тили ошондой эле дипломатиянын маанилүү тили катары таанылган. Эл аралык Франкофония уюмуна 88 өлкө кирет, 29 өлкөдө француз тили расмий макамга ээ.
Ачылышы
Бишкекте фестиваль француз пианисти Кристин Фонлюпттун концерти менен башталат жана ал аял иконаларына арналган музыкалык программаны аткарат. Концерт 2026-жылдын 25-мартында (шаршембиде) саат 18:30да Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт (Акысыз билет менен кирсе болот).
Франкофондук тасмалардын фестивалы
Бишкекте биринчи жолу Франкофондук тасмалардын фестивалы өтөт. Швейцариянын, Франциянын, Бельгиянын жана Румыниянын тасмалары 2026-жылдын 7-апрелинен 10-апрелине чейин “Ала-Тоо” кинотеатрында көрсөтүлөт. Кирүү акысыз. Фестиваль 7-апрелде саат 18:00дө швейцариялык “Бон шуур Тичино” тасмасы менен ачылат. Тасма оригиналдуу тилдерде (француз, немис, италия) көрсөтүлүп, кыргыз, орус жана англис тилдериндеги субтитрлер менен коштолот. Акысыз билеттерди сайттан алууга болот: www.kassir.kg
Башка иш-чаралар
Франкофония Жазынын программасына ошондой эле бий жана мода көрсөтүүлөрү, швейцар жана француз шараптарынын дегустациялары, сүрөттөр, жазуу жана ыр конкурстары, театралдык оюндар, конференциялар жана университеттерде өтчү иш-чаралар кирет.
Негизги иш-чаралар:
-
Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын кыз-келиндер командаларынын катышуусунда Ош шаарында регби боюнча эл аралык турнир (ишемби, 2026-жылдын 28-марты, саат 10:00дө, ОшМУ)
-
Мона Лизага арналган конференция (бейшемби, 2026-жылдын 2-апрели, саат 16:00дө, Кыргызстандын Улуттук тарых музейи)
-
Дизайнерлер союзунун мода көргөзмөсү (ишемби, 2026-жылдын 4-апрели, 15:00дө, Novotel Бишкек)
-
Groove Republic хип-хоп бийлеринин эл аралык фестивалы (жекшемби, 2026-жылдын 12-апрели, TechnoPark Bishkek)
Жабылыш аземи
Франкофония Жазынын жабылыш аземи жана конкурстардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жекшемби күнү, 2026-жылдын 12-апрелинде саат 14:00дө Novotel Бишкекте өтөт (чакыруу билети менен кирүүгө болот).
Оштогу программа
2026-жылдын 27-апрелинен 28-апрелине чейин (жума жана ишемби күндөрү) Франкофония Жазынын иш-чаралары Ош шаарында өтөт: француз пианисти Кристина Фонлюпттун концерти, “Бон шуур Тичино” швейцар тасмасынын көрсөтүүсү, конференциялар жана башка иш-чаралар уюштурулат.
Толук маалыматты социалдык тармактардан табууга болот:
- Бишкектеги Француз альянсы: Instagram @afbichkek; https://www.facebook.com/AllianceBichkek/ https://afbichkek.kg/
- Франциянын Кыргызстандагы Элчилиги: Instagram @FranceAuKg; https://kg.ambafrance.org/, https://www.facebook.com/ambassadedefranceaukirghizstan/
- Швейцариянын Кыргызстандагы Элчилиги: Instagram @swissembassykg; www.facebook.com/SwissEmbassyKyrgyzstan