Кыргызстандын 13 университетинде “Green Nomads” жаштар кампаниясы өтөт

05.10.2022
Кыргыз Республикасы
Press and information team of the Delegation to KYRGYZSTAN

"Кыргызстандын студенттери Жашыл экономика үчүн" коомдук бирикмеси Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү менен биргеликте “Green Nomads (Жашыл көчмөндөр)” долбоорун Кыргызстандын 13 университетинде баштоодо.

Бишкек, 3-октябрь 2022-жыл - "Кыргызстандын студенттери Жашыл экономика үчүн" коомдук бирикмеси Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү менен биргеликте “Green Nomads (Жашыл көчмөндөр)” долбоорун Кыргызстандын 13 университетинде баштоодо.

Иш-чаранын максаты - экологиялык маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу, экологиялык маданиятты тарбиялоо жана Кыргыз Республикасынын ЖОЖдордун студенттери арасында жаратылышка кылдаттык менен мамиле кылуунун принциптерин өнүктүрүүгө көмөктөшүү. Демилге Европа климат дипломатиясы жумалыгынын алкагында ишке ашырылууда.

Жаш изилдөөчүлөр өлкөнүн бардык аймактарында кызыктуу жана интерактивдүү тренингдерди, мастер-класстарды жана семинарларды өткөрүшөт, буга кошумча глобалдык экологиялык кризистин көйгөйлөрү, себептери жана аны жеңүү жолдору, Европалык жашыл келишиминин күн тартиби (EU Green Deal), дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы эң акыркы жашыл технологиялар жана жашыл айыл чарба жөнүндө сүйлөшүшөт, тышкары студенттер өткөн материалды чыгармачыл жол менен бекемдөө үчүн программага тематикалык оюндар киргизилген түзүлгөн.

Долбоордун алкагында бардык аймактардагы 13 университетке баруу каралган.

Төмөндө кампаниянын графиги:

 

Дата

ЖОЖ

Аймактар

1

03.10.2022

Ысык-Көл мамлекеттик университети

Каракол ш., Ысык-Көл облусу

2

04.10.2022

Нарын мамлекеттик университети

Нарын ш., Нарын облусу

3

07.10.2022

Талас мамлекеттик университети

Талас ш., Талас облусу

4

10.10.2022

КЭАУ

Бишкек ш.

5

11.10.2022

КНУ

Бишкек ш.

6

12.10.2022

БМУ

Бишкек ш.

7

14.10.2022

КУАУ

Бишкек ш.

8

17.10.2022

КМТУ

Бишкек ш.

9

18.10.2022

КМКТАУ

Бишкек ш.

10

19.10.2022

КМУ

Бишкек ш.

11

26.10.2022

Баткен мамлекеттик университети (БатМУ)

Баткен ш., Баткен облусу

12

27.10.2022

Ош мамлекеттик университети (ОшМУ)

Ош ш., Ош облусу

13

28.10.2022

Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ)

Жалал-Абад ш., Жалал-Абад облусу

Облустук сапарлар аяктагандан кийин Бишкек шаарында “Green FEST” жыйынтыктоочу иш-чарасын уюштуруу пландаштырылууда, ага ар бир облуста өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган активдүү студенттик коомдун өкүлдөрү катышып, бардык чыгымдар уюштуруучулар тарабынан төлөнөт.

 Green Fest ноябрдын башында Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата өткөрүлөт.

Чынтемир КАЛБАЕВ

ММК жана маалымат боюнча координатор

chyntemir.kalbaev@eeas.europa.eu

+996312261003 (ext 126)