Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Европа Кеӊешинин Президенти Шарль Мишелдин пресса үчүн биргелешкен билдирүүсү
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Европа Кеӊешинин Президенти Шарль Мишель 2023-жылдын 3-июнунда Чолпон-Атада жолугушушту.
Ачык жана конструктивдүү жолугушуунун жүрүшүндө президенттер демократиянын принциптерине, адам укуктарын жана укук үстөмдүгүн сыйлоого, экономикалык кызматташтыкка жана Туруктуу өнүгүү максаттарына негизделген эки тараптуу кеӊири масштабдуу кызматташтыкты мындан ары тереӊдетүүгө карата өздөрүнүн ниеттерин так билдиришти. Алар ошондой эле өздөрү БУУнун Жарлыгын жана анын эгемендүүлүк, көз карандысыздык жана бардык өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгү принциптерин катуу жактай тургандыгын ырасташты.
Президенттер Кыргызстандын жана Европа Кеӊешинин 30 жылдан ашык убакыттан берки өнөктөштүгүнүн жетишкендиктерин жактырышты. Мындан ары эки тараптуу өнөктөштүктү, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыӊдоо жана өнүктүрүү боюнча аракеттерди улантуу зарылдыгы баса белгиленди. Бизнес, жашыл өнүгүү, жогорку эмгектик жана экологиялык стандарттар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо жана колдонуу жаатында тыгыз кызматташуу зарыл экендиги дагы баса белгиленди.
Президенттер 1995-жылы кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Европа Биримдигинин ортосундагы Өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндөгү макулдашууну ишке ашыруунун жыйынтыктарына жогору баа беришти. Мындан ары кызматташтыкты чыӊдоо максатында алар мамилелерди сапаттуу жаӊы деӊгээлге алып чыгуучу Кеӊейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндөгү макулдашууга жакынкы убакыттын ичинде кол коюулуусуна үмүттөрүн билдиришти,
Алар бизнестин мобилдүүлүгүн жана туризмдин мындан ары өнүктүрүүнүн, ошондой эле жарандардын ортосундагы байланыштарды кеӊейтүүнүн маанилүүлүгүн талкуулашты. Ушуга байланыштуу Президент Мишель кыргыз тараптын Кыргызстандын жарандары үчүн визалык режимди жеӊилдетүү суроосу боюнча Евробиримдик менен консультацияларды демилгелөө ниетин көӊүл борборуна алды.
Кыргыз Республикасы Европа Биримдигинин демократиялык реформалар жана адам укуктары чөйрөсүндө көп жылдардан бери колдоо көрсөтүп келе жаткандыгын белгиледи. Бул контекстте Европа Биримдиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан программаларга колдоо көрсөтүүнүн, анын ичинде мыйзам үстөмдүгү, натыйжалуу башкаруу, билим берүү жана жаштардын катышуусу, санариптештирүү, жашыл күн тартиби жана мамлекеттик деӊгээлдеги маанилүү башка чөйрөлөрдө дагы программаларга колдоо көрсөтүүсүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.
Президенттер учурда бир гана Кыргызстан үчүн эмес, ошондой эле жалпы аймак үчүн терс зыяндарын тийгизүүсү мүмкүн болгон климаттын өзгөрүүсүнө жана мөӊгүлөрдүн эрүүсүнө байланыштуу курч көйгөйлөрдү чечүү жаатындагы мындан аркы өз ара аракеттенишүүнүн кошумча жолдорун талкуулашты. Ушуга байланыштуу алар Кыргызстандын демилгелерин, анын ичинде БУУнун алкагындагы резолюцияларга шайкеш келе турган демилгелерин талкуулашты.
Европа Кеӊешинин Президенти Кыргызстандын аймактын башка өлкөлөрү менен биргеликте «жашыл» долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде аймактын суу-энергетикалык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган гидроэнергетикалык обьектилерди куруунун эсебинен ишке ашыруу боюнча аракеттерин жактырды.
Кыргыз Республикасы өзүнүн демократиялык өнүгүү жаатындагы тандап алган курсун так жактай тургандыгын ырастады. Мына ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын демократия жана адам укуктары чөйрөсүндөгү жетишкен прогресси белгиленди, бул анын ичинде GSP+ программасы боюнча ЕБ соода-сатык жүргүзүү преференциясын алган аймактагы биринчи өлкө болуусуна түрткү болгондугу белгиленди.
Лидерлер 2023-жылдын 2-июнунда Чолпон-Атада болуп өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын жана Европа Кеӊешинин Президентинин Экинчи жолугушуусунун жыйынтыктарын талкуулашты жана ушундай жогорку деӊгээлдеги өз ара аракеттенишүүнү улантуунун маанилүүлүгүн, ошондой эле лидерлердин мындан ары мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз түрдөгү саммиттер катары калыптандырууга даяр экендиктерин белгилеп өтүштү.
Эки Президент 2019-жылы ЕБ мүчө-мамлекеттери тарабынан кабыл алынган Борбордук Азия үчүн ЕБ Стратегиясын натыйжалуу ишке ашыруу жаатындагы тыгыз кызматташтыкка жогорку баа беришти, анда негизги көӊүл ЕБдин туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү, ошондой эле аймак ичиндеги кызматташтыктын өнүгүшүн камсыз кылуу максатында аймак менен өнөктөштүккө кызыкдар экендигине бурулган.
Бул жаатта 2021-жылдын 21-июлунда Чолпон-Атада болуп өткөн Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыктарын жана Достук, ак ниеттүү коӊшулук жана XXI кылымда Борбордук Азиянын өнүгүшү үчүн кызматташтык жөнүндө Келишимге кол коюу процессинин башталуусун колдошту.
Эки өлкөнүн Президенттери ошондой эле коопсуздук чөйрөсүндөгү тыгыз кызматташтыкты улантуунун, анын ичинде «Борбордук Азияда Чек араларды башкаруу программасы», «Борбордук Азияда укук тартибин сактоо» жана «Борбордук Азияда Баӊги заттары менен күрөшүү боюнча программасы» сыяктуу аймактык демилгелердин алкагында тыгыз кызматташтыкты улантуунун зарылдыгы жөнүндө ой-пикирлери менен алмашышты, ошондой эле Афганистандагы гуманитардык жана социалдык-экономикалык кризистин алдын алуу зарылчылыгын дагы талкуулашты.
Алар гүлдөп өнүгүп өсүүнүн жана мындан ары туруктуу өнүгүүнүн кепилдиги болуп эсептелген Борбордук Азиядагы аймактык диалогду бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Алар карама-каршылыктарды күч колдонбостон, бир гана дипломатиялык каражаттар менен чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип жана демократиянын жана укук үстөмдүгүнүн негизинде тынчтыкта жашоого жана сүйлөшүүлөргө ишенимин ырасташты.
Европа Кеӊешинин Президенти Шарль Мишель мырза кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мырза Брюсселге чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирди.
CONTACT DETAILS
- Barend Leyts
- Spokesperson for the European Council President
- +32 486 22 68 65
- +32 2 281 5150
- @BarendLeyts