Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Европа Биримдиги жана ЮНИСЕФ Сириядан жана Ирактан балдарды кайтаруу маселеси боюнча регионалдык конференцияны өткөрүүдө
Сириядан жана Ирактан кайтарылган балдарды реинтеграциялоо маселелери боюнча регионалдык конференция чөлкөмдөгү эң татаал гуманитардык көйгөйлөрдүн бирине Борбордук Азиянын жамааттык реакциясында маанилүү учурдан кабар берет. Конференцияны Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Европа Комиссиясынын Тышкы саясат аспаптары кызматы (FPI) жана ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азия боюнча Регионалдык бюросу биргелешип уюштурду.
Эки күндүк иш-чаранын жүрүшүндө Казакстандан, Кыргызстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан келген делегация мүчөлөрү, ошондой эле Евробиримдиктин, АКШнын өкүлдөрү жана балдарды коргоо боюнча эл аралык эксперттер репатриациялоо процессин башкаруу, психосоциалдык колдоо көрсөтүү, билимге жана башка жардамга жетүүнү камсыз кылуу боюнча тажрыйба алмашат.
Катышуучулар реинтеграциялоо программаларынын натыйжалуулугун жана туруктуулугун камсыз кылып, келечекте бул багыттагы иштерге даярдануу максатында кызматташууну улантуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып чыгышат.
Борбордук Азия өлкөлөрү репатриациялоо жана реинтеграциялоо жаатында күчтүү лидерликти көрсөтө алышты. 2019-жылдан бери Борбордук Азия боюнча 1,6 миңден ашык бала, анын ичинде Кыргызстанга 382 бала репатриацияланган. Жаңжал чыккан аймактарда төрөлүп-өскөн бул балдардын көпчүлүгү бул балдардын психикалык абалын, ден соолугун калыбына келтирүүдө жана реинтеграциялоо жолунда олуттуу тоскоолдуктар болуп жатат. ЮНИСЕФ улуттук өкмөттөр менен өнөктөштүктө, Евробиримдиктин жана АКШнын колдоосу менен аларга өз жашоосун калыбына келтирүүгө жардам берүү үчүн психосоциалдык колдоо көрсөтүп, билим, медициналык жардам берип, социалдык кызматтарды көрсөтүүдө.
“Жаңжалда жапа чеккен балдарды кайтаруу жана реинтеграциялоо гуманитардык зарылчылык гана эмес, бул чөлкөмдүн тынчтыгына, туруктуулугуна жана келечегине жасалган инвестиция. Евробиримдик балдарды коргоо системаларын бекемдеп, ар бир бала дарыланууга, билим алууга жана өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алышы үчүн шарт түзүүгө умтулат”, - деди Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн Убактылуу ишенимдүү өкүлү Ханс Франхаммер.
“Бул балдардын репатриациясы Кыргызстан Өкмөтүнүн балдардын укуктарын коргоо жана сактоо багытындагы бекем умтулуусун чагылдырат”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Самман Дж.Тапа. “Бул балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн өз жамааттарына ийгиликтүү реинтеграциялоосун камсыз кылуу үчүн биз балдарды коргоо, саламаттыкты сактоо жана билим берүү системаларына инвестиция жасай бергенибиз абдан маанилүү. ЮНИСЕФ бул күч-аракеттерди колдоодо күчтүү өнөктөш бойдон калууда”.