Медиа буткемп медиа сабаттуулук жана контентти түзүү көндүмдөрүн өнүктүрүү менен Кыргызстандагы жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө

27.03.2026
Бишкек, Кыргызстан
Press and information team of the Delegation to KYRGYZSTAN

Бишкекте жана Таластан 60 өспүрүм менен жаштар медиа жана санариптик көндүмдөрүн үч күндүк окуу лагеринде өркүндөтө алышты. Окуу 23-25-март күндөрү «Күчтүү жаштар – күчтүү өлкө» долбоорунун алкагында өттү.

 

Буткемпти Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен өнөктөштүктө Жамааттык ЖМКлардын ассоциациясы ишке ашырды. Окуу Европа Биримдигинин финансылык колдоосу ЮНИСЕФ ишке ашырды. Катышуучуларга медиа жана маалыматтык сабаттуулук, мобилография жана санарип сторителлинг жаатында практикалык көндүмдөрдү үйрөтүү буткемптин максаты болду.

Үч күндүн ичинде катышуучулар сынчыл ой жүгүртүү, фактыларды текшерүү, смартфондо видео жасоо жана социалдык тармактарда контентти түзүү боюнча интерактивдүү практикалык сабактарга катышты. Программага ошондой эле гендердик теңчилик, инклюзивидүүлүк, климаттын өзгөрүшү жана жоопкерчиликтүү санариптик жүрүм-турум сыяктуу негизги социалдык артыкчылыктар камтылды.

«Санариптештирүү – бул бул жөн гана спутниктер жана смартфондор эмес, бул сөз эркиндиги, балдарды интернетте коргоо, кыздар менен балдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу жана санариптик трансформациядан эч ким обочодо калбашын камсыз кылуу», - деди Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Реми Дюфло.

Командаларда тапшырмаларды аткарып, катышуучулар ишенимдүү маалымат жана позитивдүү социалдык өзгөрүүлөр тууралуу медиа контентти түзүштү. Тандалып алынган долбоорлор Кыргызстандын алты облусундагы 45 мектептеги медиа борборду колдогон насаатчылык программасы аркылуу андан ары өнүктүрүлмөкчү.

«Бул демилге жаштарга азыркы татаал маалыматтык чөйрөдө иштөө үчүн практикалык көндүмдөрдү берүү зарылдыгына тикелей жооп берет», - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа. «Жаштарга зарыл аспаптар жана мүмкүнчүлүктөр берилгенде, алар жөн эле катышпастан, лидерге айланышат».

Буткемптин программасы ошондой эле өкмөттүн өкүлдөрүн, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү жана жарандык коомду бириктирип, жаштар менен чечимдерди кабыл алуучу адамдардын ортосундагы диалог үчүн аянтча катары кызмат кылды.