Пайдалуу жемиш как: Үй шартында тамак жасоо кантип гүлдөгөн бизнеске айланды

Кыргызстандын борбору Бишкектин жанындагы Сокулук шаарында 36 жаштагы Самара Кушубакова үч баласынын тамактануусун жакшыртуунун жөнөкөй аракетин социалдык таасири бар гүлдөгөн бизнеске айландырды. Бүгүнкү күндө NaktaKak кантсыз жемиш кагы — өлкө боюнча белгилүү.

Үй шартында эксперимент катары башталган иш аракет туруктуу ишканага айланды. Анын продукциялары азыр Кыргызстан менен Казакстандагы ден соолукка пайдалуу азык-түлүк дүкөндөрүндө жана дарыканаларда сатылат. Алар улуттук азык-түлүк коопсуздугу стандарттарына жооп берет жана эл аралык базарларга чыгууга даярданып жатышат.

Самаранын сапары өзүнүн ашканасында жөнөкөй ингредиенттерден: кызылча, ашкабак жана алмадан башталды. Ал өзүнүн азыктарын үй-бүлөсү жана кошуналары менен бөлүшкөн сайын, суроо-талап өстү.

«Мен балдарымдын кантсыз ждана кошулмасыз табигый таттуларды жешин кааладым, - деди Самара. Анан адамдар көбүрөөк сурай баштаганынан, мен бул бизнес өнүгө аларын түшүндүм.»

Бүгүнкү күндө Самара жөн гана ишкер эмес; ал тамак-аш технологу жана жергиликтүү коомчулукту колдогон жумуш берүүчү. Анын үйүнүн жанында жайгашкан чакан цех жыл бою иштейт жана 10дон ашык түрдөгү жемиш кагын чыгарат: алма менен жалбыздан баштап, чычырканак, кара өрүк, кулпунай жана кызылчага чейин. Самара жемиштерди эзип, андан кийин жука жайып какка айланат.

Бардык азыктар вакуумдук таңгакталган, консерванттарсыз жана узак сактоо мөөнөтү бар. Самарнын командасында беш жергиликтүү аял иштейт. Алардын көбү жумушун бала багуу менен бириктирип иштешет. Учурда өсүп жаткан суроо-талапты канааттандыруу үчүн үйүнүн жанында чоңураак өндүрүш имараты курулуп жатат.

Бизнес өнүктүрүү программалары аркылуу Самара өзүнүн көндүмдөрүн өркүндөтүүнү улантууда жана аймактык ишкердик платформаларында Кыргызстандын атанан барат. Аял ишкерлер үчүн ар кандай тренингтерге катышкандан кийин, ал өзүнүн лидерлик потенциалын ого бетер жакшыраак түшүнө баштады. «Ар бир программа сизге жөн гана билимден да көптү берет. Бул сизге өзүңүздү жаңыча көз караш менен көрүүгө жардам берет. Мен ишкердик жөн гана бизнес эмес экенин түшүндүм. Бул лидерлик жөнүндө», - дейт Самара.

2024-жылы NaktaKak Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, Эл аралык соода борбору (ITC) тарабынан ишке ашырылган Ready4Trade Central Asia: Транскаспий транспорттук коридору аркылуу өнүгүүнү жайылтуу долбоорунун бенефициары катары тандалып алынган. Кыргызстанда долбоор кургатылган жемиштер тармагындагы чакан бизнеске экспорттук потенциалын чыңдоого, Европа Биримдигинин стандарттарына ылайык келүүгө жана Борбордук Азиянын ичинде да, Европа Биримдиги менен да бизнес байланыштарын түзүүгө колдоо көрсөтөт.

Долбоордун колдоосу менен Самара кургатылган жемиштерди кайра иштетүү боюнча адистештирилген окутуу аркылуу техникалык жондөмдөрүн бекемдеди. Ал табигый таттууларды өндүрүү боюнча практикалык семинарга катышып, эксперттерден жеке тажрыйба алды. «Мен мурда баарын интуитивдик түрдө жасачумун. Эми температураны көзөмөлдөөнүн, таңгактоонун жана гигиенанын маанилүүлүгүн түшүнөм. Биз практикалык жакшыртууларды киргиздик жана айырмачылык айдан ачык, - деди Самара. - Окутуу укмуштуудай практикалык болду. Алар бизге кантты же консерванттарды колдонбостон продукциянын сактоо мөөнөтүн кантип узартууну жана коргоону көрсөтүштү. Бул билим мен үчүн баарын өзгөрттү.»

Бул тажрыйба анын техникалык көндүмдөрүн гана өркүндөтпөстөн, ошондой эле анын узак мөөнөттүү бизнес көз карашын калыптандырууга жардам берди. Ал азыр корпоративдик деңгээлдеги азыктарды иштеп чыгып, экспортту пландаштырып, командасын кеңейтүүдө. «Эми менде билим гана эмес, ошондой эле өзүмө болгон ишеним да бар. Мен алдыда мүмкүнчүлүктөрдү көрүп турам. Жана мен башка аялдардын бул потенциалды өздөрүндө көрүшүн каалайм», - деди Самара.

Азыр Самара өзүнүн тажрыйбасын башкалар менен, айрыкча айыл жериндеги аялдар менен бөлүшөт. Ал консультация берет, семинарларды өткөрөт жана башка аялдарга өз бизнесин баштоого колдоо көрсөтөт. Анын иши инклюзивдүүлүк жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү принциптерине кеңири берилгендикти чагылдырат.

Анын окуясы практикалык окутуу жеке туруктуулук жана чечкиндүүлүк менен айкалышып, кичинекей демилгени киреше алып келүүчү, үй-бүлөлөрдү колдогон жана тармактын өнүгүшүнө салым кошкон туруктуу бизнеске кантип айландыра аларын көрсөтөт.

 

Ready4Trade Central Asia долбоору жөнүндө: 

Транскаспий транспорт коридору аркылуу өнүгүүнү илгерилетүү (2024-2028)

Европа Биримдиги (ЕБ) тарабынан каржыланган бул төрт жылдык техникалык жардам долбоору Транскаспий транспорт коридорунун операциялык натыйжалуулугун жогорулатуу аркылуу ЕБ менен Борбордук Азиянын ортосундагы транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү күн тартибин алга жылдырууга багытталган.