Экинчи экономикалык ЕБ-БА форуму Алматыда болуп өттү
Экинчи «Европа Биримдиги – Борбор Азия» экономикалык форуму 2023-жылдын 18-19-майында Казакстандын Алматы шаарында болуп, анда тереңдетилген мамилелердин стратегиялык мааниси, актуалдуулугу жана интенсивдүүлүгү баса белгиленди. Биргелешкен коммюникеде жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү, жашыл жана санариптик өткөөлдөрдү жакшыртуу, ошондой эле соода жана байланыш сыяктуу чөйрөлөрдө күч-аракеттерди активдештирүү айтылды.
Европа Комиссиясынын «Global Gateway» демилгесинин алкагында аткаруучу вице-президент жана Евробиримдиктин соода боюнча комиссары Валдис Домбровскис Комиссия Экономикалык форумдун уландысы катары ушул жылдын аягында Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын ортосундагы туруктуу транспорт коридорлору боюнча жаңы изилдөөдө камтылган «жумшак жана катуу инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүү боюнча» инвестициялык конференция уюштура турганын билдирди. Бул изилдөө ЕБРР тарабынан жүргүзүлүп, ЕРӨБ президенти Одил Рено-Бассо негизги жыйынтыктарды сунуштады.
Евробиримдик менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамилелердин маанилүүлүгүнүн жогорулашы Экономикалык форумдун алкагында Валдис Домбровскис менен Европа инвестициялык банкынын вице-президенти Тереза Червинскаянын тиешелүү эки тараптуу жолугушууларында дагы бир жолу тастыкталды. Кыргыз Республикасынын делегациясын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жетектеп, курамына Финансы министринин орун басары Руслан Татиков, ошондой эле тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев кирди. Евробиримдиктин 3 миллион евролук салымы менен Кыргыз Республикасындагы Жашыл экономика программасы боюнча макулдашууга Еврокомиссиянын эл аралык өнөктөштүк боюнча башкы директорунун орун басары Мириам Ферран жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов кол коюшту.