Өзгөндөгү саркынды сууларды тазалоочу жайларды жаңылатуу

01.04.2026
Өзгөн, Кыргызстан
Press and information team of the Delegation to KYRGYZSTAN

10 миллион еврого чейинки каржылоолор 65,000 адамга суу менен камсыздоо жана канализация кызматтарынын сапатын жакшыртууга жардам берет.

 

  • Өзгөн шаарынын 10,000 тургуну жакшыртылган санитардык кызматтарга жеткиликтүү болду.
  • 4,71 га аянт суу тазалоочу курулма күнүнө 2000 м³ ге чейин саркынды сууларды кайра иштетет.

    Европа Биримдигинин жана анын банктары – ЕвропаИнвестициялык Банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) каржылык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Өзгөн шаарында жаңы суу тазалоочу курулманы курууга жана пайдалануугаколдоо көрсөттү. Бул курулма "Өзгөн шаарынын суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынкалыбына келтирүү" долбоорунун алкагында ишке ашырылып, 10,000 тургунду санитардык кызматтар менен камсыз кылат.

    Курулманын кубаттуулугу күнүнө 2000 м³ге чейин саркынды сууларды тазалоого жөндөмдүү. Технологиялык процесс үч баскычтуу тазалоону камтыйт, бул Кыргыз Республикасынын экологиялыкстандарттарына толук ылайык келет жана жергиликтүүтургундардын жашоо сапатын кыйла жакшыртууга өбөлгө түзөт.

    Жаңы тазалоочу курулманын колдонууга берилиши менен Өзгөндүн 10,000 тургунузаманбап борборлоштурулган саркынды сууларды чыгаруу системасынанпайдалана алышат. Биринчи этапта жаңы тармакка 25 кабаттуу үй, 7 мектеп, 7 бала бакча, ошондой эле бир катар коомдук, социалдык жана коммерциялык объекттер кошулат.

    Жалпысынан, долбоордун алкагында 41 км суу түтүктөрү жана 30 км канализация тармактары жаңыланды, төрт суу алуучу жайлар модернизацияланды (анын ичинде алты скважина реконструкцияланып, беш насос алмаштырылды), ошондой эле жаңы жабдуулар жана атайын техникалар сатылып алынды.

    Жаңы система шаар тургундарынын күнүмдүк жашоосун жакшыртып, заманбап санитардык курулмаларды ыңгайлуу жана коопсуз пайдаланууга мүмкүнчүлүктүзөт.

    Долбоор Европа Биримдигинин (EU IFCA) 5 миллион евро өлчөмүндөгү грант, ЕРӨБдүн 2,75 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгүкредит, жана Европа Инвестициялык Банкынын 2,5 миллион евро өлчөмүндөгү кредит эсебинен каржыланат. Долбоорбоюнча техникалык жардам Жапония Өкмөтүнүн 400 миң евро өлчөмүндөгүгранты жана Европа Биримдигинин (EU IFCA) 829 миң евро өлчөмүндөгү гранты аркылуу каржыланат.