Экинчи Экономикалык форум «Европа Биримдиги – Борбордук Азия»: ММК үчүн биргелешкен билдирүү

2023-жылдын 18-19-майында Казахстандын Алматы шаарында өткөн Экинчи  «Европа Биримдиги – Борбордук Азия» Экономикалык форуму боюнча Европа Биримдиги (ЕБ) жана Борбордук Азия, ЕБ жана Борбордук Азиянын ортосундагы мамилелердин өсүп жаткандыгынын актуалдуу жана интенсивдүү экендигин жана анын стратегиялык жактан маанилүү экендигин билдиришти.

2023-жылдын 18-19-майында Казахстандын Алматы шаарында өткөн Экинчи  «Европа Биримдиги – Борбордук Азия» Экономикалык форуму боюнча Европа Биримдиги (ЕБ) жана Борбордук Азия, ЕБ жана Борбордук Азиянын ортосундагы мамилелердин өсүп жаткандыгынын актуалдуу жана интенсивдүү экендигин жана анын стратегиялык жактан маанилүү экендигин билдиришти.

Тараптар жалпы баалуулуктарга жана эки тараптуу кызыкчылыктарга негизделген бекем, ар тараптуу жана келечектүү өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө карата биргелешкен жана алмаштырылгыс милдеттенмелерин бекитишти. Катышуучулар Бишкек, Кыргызстанда 5-ноябрь, 2021-жылы өткөрүлгөн Биринчи бетме-бет  «ЕБ-Борбордук Азия» Экономикалык форумунун үч артыкчылыктуу багыттары кандайча ишке ашырылып жаткандыгын карап чыгышты жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикаларын мындан ары трансформациялоо боюнча биргелешип иш алып барууну улантууга, анын алкагында өзгөчө көӊүлдү бизнес жүргүзүүгө, «жашыл»  жана санариптештирүүгө өтүү шарттарын жакшыртууга, ошондой эле ЕБ жана Борбордук Азиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерге өтүү шарттарын жакшыртуу тууралуу өз ниеттерин билдиришти. «ЕБ-Борбордук Азия» стратегиясына ылайык жана 2021-жылы ЕБ «Глобалдык дарбаза» стратегиясын ишке киргизгенден кийин, ошондой эле эӊ жогорку социалдык жана экологиялык стандарттарды сактоо менен сапаттуу инфраструктурага акылдуу инвестицияларды тартууну илгерилетүү боюнча ЕБ сунуштарынан кийин, тараптар туруктуу жана ишенимге негизделген өз ара байланышты жолго коюу, гүлдөп өнүккөн жана коопсуз Борбордук Азиянын жалпы максатын колдой тургандыгына макулдашышты.

Бул максатта тараптар:

  • ЕБ жана Борбордук Азиянын ортосундагы экономикалык диалог үчүн аймактык платформа катары Форумдун геосаясий жана стратегиялык жактан актуалдуулугун билдиришти
  • Форум экономикалык мамилелердин жакын болуусуна жол ача тургандыгын,  Борбордук Азия жана ЕБ өлкөлөрүнүн экономикаларын мындан нары диверсификациялоо аркылуу инклюзивдүү жана туруктуу өнүгүүнү, ички жана аймактар аралык соода-сатык жүргүзүүнү  стимулдаштырууну, мыйзамды жана ченемдик-укуктук базаны чыӊдоону илгерилете тургандыгын белгилешти.
  • БУУнун Уставын жана эл аралык укуктун принциптерин сактоого, тактап айтканда БУУнун бардык мүчө-мамлекеттеринин көз карандысыздыгын, суверенитеттүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн сактоого чын ниеттен берилүү менен мамиле кылууга чакырышты.
  • Аракеттердин экологиялык жана социалдык туруктуулукту илгерилетүүгө, соода-сатыктагы тоскоолдуктарды четтетүүгө, инклюзивдүүлүктү илгерилетүүгө, атаандаштыкка  жөндөмдүүлүктү жогорулатууга, жумушчу орундарын түзүүгө, аймактык жана глобалдык рынокторго интеграцияланууну ылдамдатууга, бизнес үчүн бирдей шарттарды түзүүгө багытталуусу керек экендигине макул болушту. Форумдун ЕБ жана Борбордук Азиянын ортосундагы кызматташтык, соода-сатык жүргүзүү жана инвестициялык мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган бизнес үчүн компонентин өзгөчө жактырышты.

Коопсуз жана жагымдуу бизнестик жана инвестициялык чөйрөнү түзүү суроолорунда тараптар:

  • ЕБ колдоосу алдында ОЭСР тарабынан даярдалган жумуштук климат боюнча изилдөөнү талкулашты жана ошондой эле Борбордук Азиядагы азыркы учурда бул чөйрөдө жетишилген прогрессти кабылдашты.  
  • Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикаларын модернизациялоо максатында иштиктүү чөйрөлөр жана жарандык коом менен кызматташтыкта амбициялуу реформаларды жүргүзүүгө өзгөчө көӊүл буруунун жана алардын ири рынокторго, анын ичинде ЕБ рыногуна интеграциялоонун маанилүүлүгүн белгилешти, муну эл аралык ченемдердин жана стандарттардын эӊ жогорку деӊгээлине дал келүүнү камсыз кылуу, өзгөчө салык, укуктук жактан аныктык жана бюрократиялык айлампаларды минимизациялоо чөйрөсүндө дал келүүнү камсыз кылуу менен ишке ашыруу керектигин белгилешти.
  • ЕБ менен  Борбордук Азиянын кызматташтыгынын аймактын өнүгүүсүнө кошо турган салымын жактырышты, анын ичинде жогорку сапаттуу реформаларды жүргүзүүдө олуттуу колдоо көрсөтүүчү Кеӊири өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашуу аркылуу кошо турган салымын жактырышты.
  • ЕБ  мындан аркы атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга, кызматтык чөйрөнү жакшыртууга багытталган, ошондой эле алдыдагы Борбордук Азиядагы эл аралык жана аймактын ичиндеги соода-сатык жүргүзүүнү жакшыртууга багытталган «Өркүндөө» милдеттеринин алкагындагы экономикалык өнүгүү программасына карата ЕБ пландарын эске алышты.
  • Жеке инвестицияларды тартуу үчүн инновациялык куралдарды мобилизациялоонун маанилүүлүгүн таанышты, буга байланыштуу Европалык туруктуу өнүктүрүү фондунун алкагында инвестициялар жана жеке секторду өнүктүрүү үчүн  ЕБ жаӊы кепилдик берүү схемаларын белгилешти. 
  • Европалык инвестициялык банкынын аймакта болуусун жайылтуу жөнүндөгү ниетин кабылдашты, бул болсо ЕБ Борбордук Азияга инвестициялоого жана ишмердүүлүгүн активдештирүүгө  жол ачат. Бул аркылуу жер-жерлерде кызматташтыкты жакшыртууга шарт түзүлөт жана өз ара байланышуунун туруктуу болуусуна жана ЕБ «Глобалдык дарбаза» стратегиясынын артыкчылыктарына ылайык өнүгүүнүн климаттык жактан нейралдуу, туруктуу моделине өтүүгө жол ачат.  

«Жашыл» жана санариптештирүүгө өтүү суроолорунда тараптар:

  • Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүүсүнүн зыяндарын толук түшүнүү аркылуу  буларды эске алышты:  тактап айтканда, калдыктарды чыгаруунун нөлгө теӊештирилген экономикага өтүүнү камсыз кылган саясатты иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарылдыгын, ага энергиянын булактарын жаӊылап туруучу инвестициялар жана аймактын ичинде электр энергиясы менен башкарылган соода-сатыкты өнүктүрүү аркылуу жетишүү керек экендигин таанышты. 
  • Күн, шамал жана гидроэнергетикалык энергиянын бардык потенциалын колдонуу боюнча борбордук азиялык өнөктөштөрдүн аракеттерин колдоого алууга багытталган cуу ресурстары, энергетика жана климаттын өзгөрүшү боюнча “Team Europe” аймактык демилгесине терең колдоо көрсөтүү ниетин билдиришти.
  • Климаттын өзгөрүшү, суу ресурстарын туруктуу башкаруу жана биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча, анын ичинде Борбордук Азиядагы экологиялык тобокелчиликтер менен күрөшүү боюнча долбоордун, ошондой эле Арал деӊизиндеги сууну жоготуунун кесепеттери боюнча чогуу иштешүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
  • Аймактык энергетика рынокторунун стабилдүүлүгүн жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн, анын ичинде энергия менен камсыз кылуунун альтернативдүү багыттарын иштеп чыгуу аркылуу улуттук жана аймактык деӊгээлдерде суу жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга шарт түзгөн  Борбордук Азиянын жана ЕБ ортосундагы диалогду жайылтууга чакырышты. Бул чөйрөдө биргелешкен аймактык программалардын маанилүүлүгүн баса белгилешти.   
  • ЕБ «Team Europe» демилгесинин алкагында  санариптик өз ара байланыштуулуктун, санариптик үзгүлтүккө учуроону кыскартуунун жана спутник аркылуу  байланышуу жолдорун ишке киргизүү аркылуу жогорку өткөргүч жөндөмдүүлүктөрүн камсыз кылуунун үстүнөн иштөө тилектерин жактырышты жана ушул багытта кызматташтыкты жайылтуунун жолдорун талкуулашты. 
  • Аймактардын ортосунда технологиялык алмашууларга жол ачкан, эӊ биринчи кезекте бул процесстерди колдоого алуу үчүн жумшак жана физикалык инфраструктуралык чечимдерди колдонуу менен санариптештирүү чөйрөсүндөгү технологиялык алмашууларга жол ачкан чараларды иштеп чыгуунун жана кабыл алуунун зарылдыгын таанышты.

Соода-сатык жүргүзүүнү жана өз ара байланыштуулукту жайылтуу суроолорунда тараптар:   

  • ЕБ жана Борбордук Азиянын ортосундагы өз ара соода-сатык мамилелерин мындан нары жеӊилдетүүгө кызыкдар экендигин таанышты, ошондой эле Борбордук Азиядагы Преференциялардын жалпы схемасы макамына ээ (GSP) өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарын таанышты, ЕБ жана Борбордук Азиянын ортосундагы соода-сатык жүргүзүүнү жеӊилдеткен, ошондой эле туруктуу өнүгүүгө жана талапка ылайык башкарууга шарт түзгөн, ЕБ рыногунун преференциалдык түрдө жеткиликтүү болуусун камсыз кылган туруктуу өнүгүү жана натыйжалуу башкаруу үчүн преференциялардын атайын системасын белгилешти (GSP+).
  • Өзгөчө маанилүү чийки зат материалдары чөйрөсүндөгү кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрүүгө макулдашышты.
  • Акылдуу, таза жана коопсуз туташууларды өнүктүрүү боюнча ЕБ «Глобалдык дарбаза» стратегиясынын алкагында өкмөттөрдүн тереӊдештирилген биргелешкен иштерди алып баруу зарылчылыгын таанышты.
  • Борбордук Азия аймагынын транспорттук жана транзиттик потенциалын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан жүргүзүлгөн, Европа менен Борбордук Азиянын ортосундагы туруктуу транспорттук коридор боюнча ЕБ тарабынан каржыланып жүргүзүлгөн Изилдөөлөрдүн негизги корутундулары менен тааныштырууну кабылдашты. Изилдөө учурда иштеп жаткан инфраструктураны жана ченемдик-укуктук базаны жакшыртуу боюнча конкреттүү чараларды камсыз кылуунун жолун сунуштайт, жана ошондой эле, аны кылдат карап чыгуу үчүн Изилдөөнүн июнь айында чыга турган акыркы отчетунун жарыялануусун күтүп жатышат.
  • Аймактык фоматта транспорттук агымдардын принципиалдуу түрдөгү жаӊы архитектурасын түзүп чыгуу үчүн Борбордук Азиядагы ички транспорттук коридорлорду мындан ары реформалоого чакырышты жана европалык мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн каржылык потенциалдарын активдүү тартуу менен Борбордук Азиядагы транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу боюнча жол картасын макулдашуунун артыкчылыктуулугун белгилешти. Тараптар айрым артыкчылыктуу чөйрөлөрдө жетишилген прогресстин жыйынтыктарын үзгүлтүксүз түрдө чыгарып турууга жетишишти жана 2025-жылы кийинки ЕБ-Борбордук Азия Форумун уюштурууга карата ниетин билдиришти.