Жалал-Абад облусунда жергиликтүү өз алдынча башкарууларды жана ишкердикти өнүктүрүү аркылуу регионалдык өнүгүүгө көмөктөшүү

18.07.2020

Максат 

«Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү» программасынын максаты – Кыргызстандын түштүк аймактарынын, анын ичинде Жалал-Абад облусуна өзгөчө басым жасоо менен, элет калкынын киреше мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу.

Программа элет жерлерин жана экономикалык кластерлерди өнүктүрүүгө багытталган улуттук стратегиялардын аткарылышына көмөктөшүүнү максат кылат. Ал Жалал-Абад облусунда ийгиликтүү кабыл алынган чараларга таянып, аларды кеңейтүүнүн үстүнөн иш алып бара
 

Күтүлүүчү натыйжалар

Жергиликтүү өндүрүүчүлөр жана туризм кызматын камсыздоочулар биригүү жана өнүмдөрүн/сунуштарын жакшыртуу аркылуу чыгымдарын азайта алышат. Технологияларды жана маркетингди жакшыртуу аркылуу алар сатуу көлөмүн жогорулатып, анын натыйжасында өздүк жеке чарбаларынын кирешесинин жогорулатышат.

Алар дагы кайсы бир кызматтарды пайдаланышкандыктан, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн да кирешелеринин жогорулашына салым кошкон тарап болуп саналышат. Кошумча жумуш күчү керек болуп калышы ыктымал же андай муктаждык транспорт, логистика, кайра иштетүү, коомдук тамактануу, гиддер, ресторандар ж.б.у.с. чөйрөлөрдө пайда болуп калышы мүмкүн.  

Жергиликтүү кызматтардын мыктылары эффективдүүлүктү жогорулатууга, анын натыйжасында жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн жана туристтик кызмат тейлөөчүлөрүнүн арасында атаандаштыктын күчөшүнө көмөктөшөт. Айыл чарба жана туризм секторлорунун чөйрөлөрүндөгү экономикалык кластерлер өнүгүп, киреше алууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт.

Жергиликтүү жарандык коом, мамлекеттик жана жеке менчик секторлордун ортосундагы жакшыртылган координация ийкемдүү пландоого, реалдуу чараларга жана бюджетти натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт. Катышуунун негизинде пландоо процесси калктын аяр катмарларын да камтууну камсыздайт. Ал ошондой эле жаштарга жана аялдарга экономикалык иш аракеттерге кеңири жол ачып, эң аягында жакырчылыктын төмөндөшүнө алып келет.  
 

Inclusive growth, private sector engagement