КР менен ЕБ кызматташтыгынын 30 жылдыгына арналган «Европа айылдары» Бишкек, Ош жана Каракол шаарларынын тургундарын кабыл алышты

Кыргыз Республикасынын 30 жылдыгына карата уюштурулган "Европа айылдары" үч шаарды кучагына алды.

Кечээ, 10-майда Европа күнүнө карата Европа Биримдигинин (ЕБ) Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү тарабынан Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында «Европа айылдары» аттуу майрамдык иш-чаралар уюштурулду. Бул эсте каларлык күндү биргелешип белгилөө Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун 30 жылдыгы болуп, маанилүү тарыхый датаны туш келди.

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн элчиси, Эдуард Ауэр, мырза төмөндөгүлөрдү белгиледи: «Бул иш-чарага Бишкектин, Караколдун жана Оштун тургундарынын катышканына кубанычтамын. Биз Европа күнүн чогуу белгиледик жана ЕБ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты колдодук. Европа күнү жыл сайын 9-майда, Европа Биримдигинин мүчө мамлекеттерин тынчтык кызматташтык жана интеграция жолуна салган, 1951-жылдагы Шуман декларациясын эскерүү максатында өткөрүлөт. Бул жетишкендикти белгилөөдө Украинага кол салуунун курмандыктарын унутпашыбыз керек. Бул трагедия Шуман декларациясында камтылган Европа континентинде туруктуу тынчтыкка болгон умтулуунун Европада толугу менен жетише электигин эске салат. Европа Биримдиги демократиялык, инклюзивдик, гүлдөп-өнүккөн жана санариптик келечекке карай бара жаткан Кыргыз Республикасынын жакын досу жана негизги өнөктөшү бойдон калууда».

«Европа айылдарында» Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун негизги жетишкендиктери чагылдырылып, ЕБ өлкөлөрүнүн маданияты көрсөтүлүп, ошондой эле келечектеги кызматташуунун перспективалары сунушталды. Коноктор салттуу европалык ашкананын тамактарынан даам татып, түркүн түстүү шоу-программага жана түрдүү сынактарга катышышты. Иш-чарада жергиликтүү белгилүү артисттер – Тамга, Толгонай Арзыкеева жана Combo Band ырдашты.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев ачылыш сөзүндө мындай деди:

«Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин түрдүү тармактарда жалпы кызыкчылыктары бар: тышкы саясаттан тартып экономикалык жана соода мамилелерине чейин, коопсуздук жана терроризмге каршы күрөштөн тартып чек ара көзөмөлүнө чейин, жумуш менен камсыз кылуудан тартып миграция саясатына чейин. Биз жалпы демократиялык баалуулуктарга, бекем экономикалык байланыштарга, социалдык жана маданий мамилелерге негизделген тыгыз жана ажырагыс өнөктөштүктү сактап келебиз. Кыргызстан Европада жана бүткүл дүйнөдө тынчтыкты, адам укуктарын жана гүлдөп-өнүгүүнү илгерилетүүдөгү Европа Биримдигинин ролун жогору баалайт».

Бул жылы «Европа айылдары» Европа Биримдигинин «Global Gateway» жаңы стратегиясынын – Европанын дүйнөнү инвестиция жана өнөктөштүк аркылуу бириктирүү боюнча сунуштарынын алкагында өттү. Адамдар үчүн жакшы жашоону түзүү жана азыркы глобалдык чакырыктарды – климаттын өзгөрүшү, глобалдык ден-соолук коопсуздугу жана туруктуу өнүгүүнү чечүү үчүн өлкөлөр инвестицияга муктаж.

Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө:

1991-жылдан бери Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдиги бир катар саясий, соода жана финансылык маселелер боюнча кеңири кызматташтыкты өнүктүрүүдө. Анын ичинде эки тараптуу, регионалдык жана тематикалык программалар ишке ашырылууда, алар ЕБ менен КР ортосундагы Өнөктөштүк жана кызматташтык макулдашуусун, Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча стратегиясын, Европа Биримдигинин Европа менен Азияны бириктирүү боюнча стратегиясын жетекчиликке алууда. 2014-2020-жылдары Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү Кыргызстанга мыйзамдуулук принциптерин бекемдөөгө, билим берүү тармагын жана айылдарды комплекстүү өнүктүрүүгө 172 миллион евро өлчөмүндө колдоо көрсөткөн. 2022-24-жылдары Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү өлкөнүн санариптик трансформациясын колдоо, адамдык ресурстарды өнүктүрүү, «жашыл» жана климатка туруктуу экономикага өтүү үчүн 62 миллион еврого чейинки сумманы бөлөт деп күтүлүүдө.

Иш-чаранын сүрөттөрү төмөнкү шилтеме боюнча жеткиликтүү.

Бишкек шаары

Ош шаары

Каракол шаары.

Бишкек шаарындагы Европа айылынын видео баяндамасын бул жерден көрүңүз.