Евробиримдик Кыргызстанга санариптик трансформация үчүн 3 миллион евро бөлүп берди

11.01.2024
Кыргыз Республикасы
Press and information team of the Delegation to KYRGYZSTAN

2024-жылдын 8-январында Европа Биримдиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Кыргыз Республикасындагы санариптик трансформация тармагындагы бюджетти колдоо үчүн 3 миллион евро (295 миллион сом) которду.

Бул гранттык каражаттар төмөнкү максаттарга жумшалат:

Жогорку технологиялар паркындагы санариптик компетенциялардын инновациялык борборунун ишине көмөк көрсөтүү, калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү үчүн өлкөнүн бардык аймактарында “Санарип-Аймак”/“Digital Aimak” системасын жайылтуу, өлкөнүн киберкоопсуздугун жогорулатуу, Жеке маалыматтарды коргоо боюнча атайын түзүлгөн мамлекеттик агенттик аркылуу жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылуу.

Бул чөйрөдөгү бюджеттик колдоо программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана тармактык министрликтерде маалымат базаларын жүргүзүүгө жана бүтүндөй өлкө боюнча санариптик экономиканы өнүктүрүүгө багытталат.

Ошондой эле бюджеттик колдоо электрондук башкарууну, ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту өнүктүрүү үчүн Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин жардамы менен мамлекеттик органдар үчүн окутуу программалары менен коштолот.

ЖМК үчүн байланыштар:

Чынтемир КАЛБАЕВ

ММК жана маалымат боюнча координатор

chyntemir.kalbaev@eeas.europa.eu

+996312261003 (ext 127)