Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү, Австрия, Бельгия, Эстония, Финляндия, Франция, Германия, Латвия, Литва, Нидерланды, Польша, Португалия, Румыния, Испания жана Швеция элчиликтеринин биргелешкен билдирүүсү
23.01.2024 жаңыртылган
Евробиримдиктин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү, Австриянын, Бельгиянын, Эстониянын, Финляндиянын, Франциянын, Германиянын, Латвиянын, Литванын, Нидерланддардын, Польшанын, Португалиянын, Румыниянын, Испаниянын жана Швециянын элчиликтери Кыргызстанда көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жапырт тинтүүлөргө жана менчиктерин конфискациялоого, ошондой эле журналисттерди камакка алууга байланыштуу тынчсызданганын билдиришет.
Ар түрдүү пикирлерди билдирүү жана көз карандысыз журналистика – жалпы адам укуктарын жана сөз эркиндигин ишке ашыруунун негизги мүнөздөмөлөрү болуп саналат.
Евробиримдиктин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү, Австриянын, Бельгиянын, Финляндиянын, Франциянын, Германиянын, Латвиянын, Литванын, Нидерланддардын, Польшанын, Португалиянын, Испаниянын жана Швециянын элчиликтери кыргыз бийлигин адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерин сактоого, журналисттердин укуктарын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин коргоого, ошондой эле адвокаттардын катышуусу менен тергөө иштерин мыйзам чегинде жүргүзүүгө чакырышат.