2-3-июнда Кыргызстанга Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель иш сапары менен келет

01.06.2023
Кыргыз Республикасы
Press and information team of the Delegation to KYRGYZSTAN

Президент Мишель Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында уюштурулган «Европа Биримдиги – Борбордук Азия» Экинчи саммитине тең төрагалык кылуу үчүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарына иш сапары менен келет.

Бишкек, 1-июнь 2023-жыл - Президент Мишель Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында уюштурулган «Европа Биримдиги – Борбордук Азия» Экинчи саммитине тең төрагалык кылуу үчүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарына иш сапары менен келет.

“Европа Биримдиги – Борбордук Азия” Саммити Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана ЕБнин лидерлери менен биргеликте Борбордук Азия менен Евробиримдик ортосундагы аймактык кызматташтыктын келечегин, ошондой эле аймактык жана эл аралык окуяларды талкуулоону көздөйт.

Саммитке Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов катышат.

Өз сапарынын алкагында президент Мишель Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрмөкчү. Ал 3-июнда Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Тараптар эки тараптуу мамилелердин абалын жана келечегин талкуулашмакчы.

ЖМК үчүн байланыштар:

Чынтемир КАЛБАЕВ

ММК жана маалымат боюнча координатор

chyntemir.kalbaev@eeas.europa.eu 

+996312261003 (ext 126)