Евробиримдик менен Кыргыз Республикасы ортосунда адам укуктары боюнча 12-диалог өттү

20.09.2022
Бишкек, Кыргыз Республикасы
EEAS Press Team

15-сентябрда Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасы Бишкекте Адам укуктары боюнча ар жылдык диалогдун он экинчи раундун өткөрүштү. Өнөктөштөр көптөгөн суроолорду талкуулашты. Диалог учурунда азыркы геосаясий контекстте Евробиримдик менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы тыгыз кызматташтыктын маанилүүлүгү белгиленди.

Бишкек, 2022-жылдын 20-сентябры - 15-сентябрда Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасы Бишкекте Адам укуктары боюнча ар жылдык диалогдун он экинчи раундун өткөрүштү. Өнөктөштөр көптөгөн суроолорду талкуулашты. Диалог учурунда азыркы геосаясий контекстте Евробиримдик менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы тыгыз кызматташтыктын маанилүүлүгү белгиленди.

Тараптар ачык-айкын жана инклюзивдүү негизде жаңы конституцияга ылайык мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан азыркы иштерди талкуулашты. Евробиримдик эффективдүү жана демократиялык көзөмөлдөө жана тең салмактуулук системасын түзүү керектигин баса белгиледи.

Ошону менен катар Евробиримдик менен Кыргыз Республикасы адам укуктары жана мамлекеттик  башкаруу маселелери боюнча ачык жана деталдуу талкуу жүргүзүштү. Евробиримдик негизги адам укуктары жаатындагы жалпы терс тенденцияга, атап айтканда жарандык коомдун эркин ишмердүүлүгү үчүн мейкиндиктин тарышына жана сөз эркиндигине басымдын күчөшүнө тынчсыздануусун билдирди. Ушуга байланыштуу Евробиримдик жек көрүүчүлүк жана талаш-тартыш жана жалган маалымат боюнча мыйзамдын аткарылышы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин кеңири жана өз билемдик менен колдонулушуна тынчсыздануусун билдирди. ММКны бөгөттөө,  журналисттик иликтөө, жарандык же саясий катышуу менен алектенген жана бийликти сынга алган журналисттерди, блоггерлерди жана социалдык тармактардын колдонуучуларын куугунтуктоо Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакт боюнча Кыргызстандын милдеттенмелерине кайчы келет. Бул контекстте Евробиримдик тынчсыздандырган бир катар жеке мисалдарды, анын ичинде Болот Темиров менен Камил Рузиевдин окуяларын козгоду.

Эркиндигинен ажыратуу жайларындагы шарттарга келсек, Евробиримдик өлүм фактылары, кыйноо жана адамгерчиликсиз мамилелер тууралуу билдирүүлөргө жана бул арыздар боюнча сот чечимдеринин өтө төмөн деңгээлде болуусуна тынчсыздануусун белгиледи. Акыйкатчыга жана Улуттук алдын алуу механизмдерине улуттук укук коргоо мекемелердин стандарттары боюнча Париж принциптерине ылайык көз карандысыздык жана эффективдүү мүмкүнчүлүктөр берилиши керек. Евробиримдик белгилүү укук коргоочу Азимжан Аскаровдун 2020-жылдын жай айларында абактагы өлүмү азыркыга чейин  калыс жана ачык иликтенбей, анын үй-бүлөсү дагы эле сот адилеттигин күтүп жатканына тынчсыздануусун дагы бир ирет билдирди.

Тараптар дискриминацияга жол бербөө маселелерин талкуулашты жана улут, гендер, сексуалдык ориентация, майыптык жана диний ишенимдерди камтыган дискриминациянын бардык түрлөрүн камтыган комплекстүү мыйзамдык актыны кабыл алуу зарылдыгын талкуулашты. Евробиримдик Кыргыз Республикасынын балдардын укуктарын жана корголушун чыңдоо боюнча аракеттерин канааттануу менен белгиледи жана Балдар кодексинин эртерээк кабыл алынышын чыдамсыздык менен күтөт. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө конвенция боюнча өз милдеттерине ылайык, Кыргызстандын бийлиги кабыл алынган кадамдарды, анын ичинде жакында иштелип чыккан «Жеткиликтүү өлкө» программасын тууралуу айтып беришти. Евробиримдик өлкөдө аялдарга жана балдарга карата зомбулук фактыларынын көбөйүшүнө тынчсыздануусун билдирип, жабырлануучуларга эффективдүү колдоо көрсөтүүгө, туура тергөөгө жана бирдей сот адилеттигине жетүүгө чакырды.

Евробиримдик менен Кыргыз Республикасы көп тараптуу форумдардагы кызматташууну, анын ичинде Кыргызстандын БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчөлүккө кайрылуусун талкуулашты. БУУнун атайын процедураларына жана механизмдерине катышууга чакырууну карап чыгууда Кыргыз Республикасынын конструктивдүү жана ачык катышуусу ыраазычылык менен белгиленди.

Адам укуктары боюнча диалогдун алдында жергиликтүү жарандык коомдун өкүлдөрү, анын ичинде укук коргоочулар менен жолугушуу болду.

Кыргыз Республикасы 2016-жылдан бери ПЖС+ (Туруктуу өнүгүү жана туура башкаруу преференцияларынын жалпыланган схемасынын атайын стимул берүүчү келишими) бир тараптуу соода преференцияларынан пайдаланып келет. Учурдагы схема 2023-жылдын аягында аяктайт. Жеңилдиктерден пайдаланууну улантуу үчүн бардык ПЖС+ бенефициарлары, анын ичинде Кыргыз Республикасы, кайра арыз берүү процессинен өтүшү керек. Евробиримдик Кыргыз Республикасын ПЖС+ жеңилдиктеринен үзгүлтүксүз пайдаланууну камсыз кылуу үчүн жогоруда аталган маселелерди, өз милдеттенмелерин аткарууга чакырат.

ПЖС+ Миссиясы жана адам укуктары боюнча диалог Европа Комиссиясы тарабынан бардык ПЖС+ бенефициар өлкөлөрү үчүн даярдалып, жылдын аягында Европа Парламентине жана Европа Кеңешине сунуштала турган баалоо үчүн негиз болуп саналат.

Peter Stano
Lead Spokesperson for Foreign Affairs and Security Policy
+32 (0)460 75 45 53

Peter Stano

Lead Spokesperson for Foreign Affairs and Security Policy

peter.stano@ec.europa.eu

+32 (0)460 75 45 53

Paloma Hall Caballero

Press Officer for Foreign Affairs and Security Policy

paloma.hall-caballero@ec.europa.eu

+32 (0)2 296 85 60

+32 (0)460 76 85 60