Кыргыз Республикасы/Тажикстан: Жогорку Өкүл/Вице-Президент Кая Калластын чек ара келишимине кол коюу жөнүндө билдирүүсү
Европа Биримдиги Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы жалпы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча акыркы келишимине кол коюуну кубаттайт.
Бул диалогго жана талаштарды тынчтык жолу менен чечүүгө негизделген маанилүү убакыт жана алга карай олуттуу кадам. Келишим Борбор Азиянын туруктуулугун бекемдейт.
Евробиримдик аймактык кызматташтыкты колдойт, бул принциптин үстүндө өзү дагы негизделген. Борбордук Азия боюнча Стратегиясына жараша, ЕБ менен Борбордук Азиянын ортосундагы байланыштарды тереңдетүү боюнча биргелешкен жол картасына ылайык келишимди ишке ашырууну колдоого даяр.