THIS CONTENT HAS BEEN ARCHIVED

Азимжан Аскаровдун иши боюнча жаңы өкүмгө байланыштуу Европа Биримдигинин расмий өкүлүнүн билдирүүсү

24.01.2017
Text

Кыргыз Республикасынын Чүй облусттык соту 24-январда укук коргоочу Азимжан Аскаровго өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жөнүндө өкүмдү күчүндө калтырды. Вердикт Кыргызстан бийлигинин ишти кайта карап чыгуу жана 2016-жылдын 4-октябрынан тартып коомчулук жана ЖМК үчүн ачык жаңы соттук териштирүүнү жүргүзүү жөнүндө чечиминен кийин кабыл алынган.  

Сот өз чечими менен 2016-жылдын 21-апрелиндеги БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын (ЖСУЭП) бир катар беренелери боюнча Азимжан Аскаровдун укуктарынын бузулушун белгилеген жана Азимжан Аскаровду ага карата өкүмдү жокко чыгаруу менен катар токтоосуз бошотууга чакырган баардык корутундуларын четке какты.

Азимжан Аскаровдун адвокаттары соттун чечимине даттанаарларын жарыялашты. Европалык Биримдик Кыргызстан бийлигинен соттук териштирүүлөр адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттарга, тактап айтканда ЖСУЭПнын 14-беренесинде жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинде каралган адилеттүү соттук териштирүүнүн стандарттарына ылайык келүүсүнүн камсыз кылынышын күтөт.  

Евробиримдик Азимжан Аскаровго карата ал камакта болгон мезгилде катаал мамиле кылынгандыктын БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин корутундуларында белгиленген далилдери Кыргыз Республикасынын бийлиги тарабынан кылдаттык менен изилденээрин күтөт. Адам укуктары жаатындагы өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин толугу менен сактоо демократиянын жолун жолдоочулук үчүн белгилүү жана урмат-сыйга ээ болгон Кыргыз Республикасынын эл аралык статусун сактоо үчүн зор мааниге ээ.

Category
Statements by the Spokesperson
Location

Брюссель

Topics
Human Rights & Democracy
Editorial sections
EEAS
Europe and Central Asia
Кыргыз Республикасы
Human Rights & Democracy