THIS CONTENT HAS BEEN ARCHIVED

Европа Биримдиги Кыргызстандын аймактарында жашоо деңгээлинин өсүшүнө шарт түзүп берүүдө

26.01.2017
Teaser

Европа Биримдиги кыргыз айыл тургундарынын абалын жакшыртууга багытталган долбоорлорун колдойт.

Main Image
Text

Айыл аймактардын комплекстүү өнүктүрүү билим берүү жана укуктун үстөмдүгү менен катар Европа Биримдиктин Кыргызстан менен кызматташтыгынын үч негизги секторлорунун бири болуп саналат. 2016-жылдын ичинде Евробиримдик тарабынан каржыланган долбоорлор Кыргызстандын айыл коомчулуктарынын көбүнө жашоосунун деңгээлин жогорулатууга жардам берди.  

Конкреттүү натыйжалары бар ийгиликтүү долбоорлордун бири Жалал-Абад областында “Айыл үндөрү – коомчулуктардын бизнес-демилгелери аркылуу жакырчылыкка каршы күрөш” долбоору болду. Аны областтык айылдык консультациялык кызмат жана DanChurchAid уюму ишке ашырат.

2016-жылы долбоордун алкагында 48 көрсөтмө жер тилкелер ачылды, алар жергиликтүү дыйкандарды заманбап айыл чарба технологияларына – тамчылатып сугарууга, жашылчаларды күнөсканаларда өстүрүүгө, бакчылыкка, үрөндүк картөшкөнү өндүрүүгө, жамгыр суусун чогултуу ыкмаларына үйрөтүү үчүн колдонулган. 12 ушул сыяктуу көрсөтмө тилкелерин салуу алдыда турат.

Ошондой эле, 2016-жылы 7 типтүү жана 38 үй-бүлөлүк күнөскана салынган, дагы 1 типтүү жана 2 үй-бүлөлүк күнөскана салуу күтүлүүдө. Мындан тышкары, 2016-жылы жогоруда белгиленген долбоордун алкагында 4 км ашык жергиликтүү сугаруучу канал оңдолгон. 

Мындан тышкары, 612 фермер киреше алуу үчүн 54 топто иштөөгө киришти жана жашылчалар менен дарбыздарды сатуудан акча таап баштады.

2016-жылы ушул сыяктуу ийгиликтүү долбоор болуп “Коомчулуктардын пайда болгон муктаждыктарга жооп кайтаруусу боюнча комплекстүү аракеттери” долбоору болуп саналат. Анын максаты жакырчылыктын таасирин төмөндөтүү жана Лейлек районунун айыл коомчулуктарынын жашоо шарттарын жакшыртуу болуп саналат. Евробиримдик долбоорго дээрлик 445 миң евро салып жатат. Ишке ашыруучулар болуп Ош айылдык консультациялык кызмат, шаарларды жана аймактарды өнүктүрүү коомдук фонду, “Кулунду-Раззаков” суу пайдалануучулардын ассоциациясы саналат.

2016-жылдын ичинде аялдар жетектеген 20 фермердик айыл чарбада 20 күн эко-күнөскалары курулган жана эксплуатациялоого киргизилгин, дагы 20 салынат. Мындан тышкары, жергиликтүү фермерлер үчүн аянты 20 чарчы метрди түзгөн 20 күн мини-канаттуулар фермасы салынган, дагы 20 кийинчерээк салынат. Долбоордун алкагында Кара-Суу айылында медициналык борбор реконструкцияланган, бул айыл тургундарын медициналык кызмат көрсөтүүлөрүнө кыйла кеңири жеткиликтүүлүк менен камсыз кылат.

Чоунчу айылында Козу-Баглан дарыясы аркылуу 40 метрлик жөө жүрүүчү көпүрө салынган. Бул айыл тургундарынын жашоосун жеңилдетет, анткени аларга саламаттыкты сактоо, билим алуу кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүүгө, ошондой эле тамак-аш азыктарын сатып алууга жана сатууга оңоюраак болот.

512 айыл тургуну айыл деңгээлинде илгерилетүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө үйрөтүлгөн. Ошентип, долбоор айылдыктарга долбоор аяктагандан кийин өздөрүнүн абалын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

"Албетте, Евробиримдик айыл калкынын алардын жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча эң эле маанилүү көйгөйлөрүн чечкен ушундай долбоорлорду айыл аймактарын өнүктүрүүгө таандык кылат. Мындай долбоорлор Кыргызстандын аймактарында абдан талап кылынат, көрүнүктүү натыйжаларды берет, айыл коомчулуктары үчүн туруктуулукту жана менчик сатып алууну камсыз кылат”, – дейт Европа Биримдиктин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүндө “Айыл аймактарын комплекстүү өнүктүрүү” сектору үчүн жооптуу долбоорлук менеджер Ислан Осмоналиев.  

Ушул эки долбоор айыл тургундарына киреше алууга жана өз коомчулуктарын өнүктүрүүгө жардам берип, өз ишин 2017-жылы да улантууда. Европа Биримдик Кыргыз Республикасынын ишенимдүү өнөктөшү болуп кала берет.

 

Post category
News stories
Editorial sections
Кыргыз Республикасы