THIS CONTENT HAS BEEN ARCHIVED

Европа Кеӊеши коррупция менен күрөшүүдө Кыргызстандын мамлекеттик органдарын колдойт

09.03.2017
Teaser

«Кыргыз Республикасында коррупцияны болтурбоо жана ага каршы аракеттенүү боюнча чараларды күчөтүү» долбоору Бишкек шаарында Европа Кеӊешинин өкүлдөрүнүн жана негизги Кыргызстандын бенефициарларынын катышуусу менен расмий түрдө 9-марта башталды. Долбоор бардык кызыкдар болгон тараптар үчүн, мамлекеттик мекелерди жана жарандык коомду кошуп алганда, бет ачары болот.

Text

Бул иш-чарада Европа Кеӊешинин кылмыш менен күрөшүү боюнча департаментинин башчысы Иван Коеджиков, башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова, Коопсуздук кенешинин катчысын орун басары Алмазбек Курманалиев, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Иштерине ишенимдүү адам Йоханнес Стенбаэк Мадсен сөздөрүн сүйлөштү.

Долбоордун узактыгы 24 айды, жалпы бюджети – 555, 5 миӊ еврону түзөт.  Бул долбоор Европа биримдиги тарабынан кошумча каржыланат жана Европа Кеӊешинин экономикалык кылмыштуулуктар менен күрөшүү чөйрөсүндө кызматташуу боюнча бөлүм тарабынан ишке ашырылат.

Кыргызстандын бийлиги тарабынан бир нече эл аралык отчеттордо таанылгандай жана көрсөтүлгөндөй коррупция менен күрөшүүгө  Кыргызстанда реалдуу  укук үстөмдүгүн камсыз кылууга тоскоолдук түзүүдө. Ошондуктан долбоор  бийлик органдарына коррупция менен күрөшүү жана алдын алуу жаатында мыйзам чыгаруу жана институционалдык дареметти бекемедөө аркылуу көмөк көрсөтүүгө багытталган, ошону менен өлкөдө укук устөмдүгүн жана демократиянын жалпы бекемдөөсүнө мүмкүндүк берет.

Негизги мекеме-бенефициарлар болуп Кыргыз Республикасындагы коррупция менен күрөшүү боюнча профилдик мамлекеттик органдар саналат, алар: Генералдык прокуратура, Коргоо кеӊешинин жумушчу тобу жана анын катчылыгы, Өкмөттүн  аппараты, Юстиция министрлиги, Мамлекеттик кадр кызматы, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат, Улуттук коопсуздук  мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы  кызматы, Жогорку Кеӊештин укук тартиби, кылмыштуулук жана коорупция менен күрөшүү боюнча комитети.

Долбоордун иш чөйрөсү

Кыргызстандын  коррупция менен күрөшүү боюнча  европалык жана эл аралык станадртарга берилгендигин  жогорулатууга  жардама берүү. Бул иш мыйзамдарды кайра кароону кошуп алганда, өз ара укуктук жардам маселелери боюнча тренингди, коррупция фактыларын далилдөө механизмдери боюнча жумушту ошондой эле  күбөлөрдү коргоо боюнча жардамды өзүнө камтыйт. Коррупция менен күрөшүү боюнча  стратегияларды жана саясаттарды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча  мамлекеттик органдардын дареметин бекемдөө. Бул иш-чаралар коррупция менен күрөшүү боюнча стратегияларды кайра кароону, саясатты институционалдык координациялоо боюнча колдонмону иштеп чыгууну жана  улуутук деӊгээлде  коррупциянын ченеминин усулдугун  иштеп чыгууну камтыйт.

Коррупцияга каршы майнаптуу аракеттенүү боюнча  сот, прокурордук жана укук коргоо органдарынын дареметин жана көндүмдөрүн  өнүктүрүүгө көмөктөшүү. Бул компонент коррупция жана  экономикалык кылмаштары менен байланышкан иштер боюнча  майнаптуу изилдөө жана чечим кабыл алуу үчүн сот тутумунун, прокуратуранын  жана укук коргоо органдарынын катышуучуларынын дареметин жана көндүмдөрүн жогорулатууну өзүнө камтыйт. Машыктыруучуларды даярдоо окутуу  программалары менен  туруктуулукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралары аякталат.

Коррупция менен күрөшүү жөнүндө коомчулуктун кабардар болгондугун жогорулатуу. Бул иш коррупцияга алып келүүчү факторлор  жөнүндө, ошондой эле анын тобокелдиктери жана кесепеттери жөнүндө  калктын кабардар болгондугун жогорулаттуга жарадам берет.

Category
Press releases
Location

Бишкек

Editorial sections
Кыргыз Республикасы