THIS CONTENT HAS BEEN ARCHIVED

Бишкекте Европа күнү майрамдалды

15.05.2017
Teaser

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү Бишкекте Европа күнүнө карата 12 майда салтанаттуу кече уюштурду.

Main Image
Text

Кечеге дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары, өкмөт мүчөлөрү, Жогорку кеӊештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бизнес коомдун жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана ЕБнин каржылоосунун алкагында билим алуу жана маданият программаларынын катышуучулары келишти.

Кечени салтанаттуу ачып, Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Чезаре Де Монтис 2017-жылы Европа Биримдиги 60 жылдыгын белгилеп жатканын  эскертти. Бул жылдардын арасында ЕБ көп жетишкендиктерге ээ болду да, бүгүнкү күндө дүйнөнүн алгачкы мүчөсү. 

"Биздин Кыргызстан менен болгон эки тараптуу мамилебиз күндөн күнгө чыӊалууда: төрт жылдын ичинде президент Атамбаевдин Брюсселге төрт жолу сапары, көптөгөн саясий жана техникалык жолугушуулар,  ПЖТ+ статусун ыйгаруусу, 2016-жылы 53 пайызга кыргыз товарлардын экспортунун көбөйүүшү, жылдагы каржы алкагындагы кызматташтыктын өсүшү буга күбө. Мындан да олуттуусу биз бири-бирибиз менен өз ара ишенич жана баамдоого жетиштик. Бул ар кандай суроолорду ачык талкулоого салым кошот жана келечекке болгон үмүттү күчөтөт. Бир нече айдан кийин Кыргызстанда президенттик шайлоо болот. Кыргызстан регионго жана дүйнө жүзүнө дагы бир демократиянын үлгүсүн көрсөтөөрүнө ишеничтебиз. Кыргызстан чыныгы жетишкендиктери менен сыймыктанса болот, Европа Биримдиги болсо бул өлкөнүн ийгилигине салым кошконуна сыймыктанат, - деп, белгилеп кетти Чезаре Де Монтис.

Тышкы иштер министрдин орун басары Эмиль Кайкиев айтып кеткендей, Кыргызстандын тышкы саясатынын алгачкы приоритеттеринин бири болуп, Европа Биримдиги менен кызматташтыкты өркүндөтүү эсептелет. Анын айтымы боюнча, ЕБ көрсөткөн жардамы күндөн күнгө жаӊы жана практикалык сапаттарга ээ болууда. Андан башка, эки жактуу пайдалуу кызматташтыктын улануусуна ишеничин билдирди.

Бул кеченин көмүскөсүндө 20 Европа Биримдиги каржылаган долбоордун көргөзмөсү болуп өттү. Катышуучулар каалаган суроолоруна жооп алышып, долбоорлор жөнүндө маалымат алышты.

 

Editorial sections
Кыргыз Республикасы