THIS CONTENT HAS BEEN ARCHIVED

Саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги ЕБ-Борбор Азия диалогу

08.06.2017
Teaser

Бүгүн, 8 июнь, Бишкекте Кыргызстандын бийлигинин чакыруусу менен Саясат жана коопсуздук маселелери боюнча Европа Биримдиги жана Борбор Азия (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан,Өзбектан) өлкөлөрүнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги маектин төртүнчү отуруму өттү. Афганистан Ислам Республикасы Маектин өзгөчө мейманы катары чакырылды.

Text

Иш-чара тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын денгээлинде болду. Кабыл алган кыргыз тарапты Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова жетектеди. Отурум Европалык тышкы байланыштар кызматынын саясий маселелер боюнча башкы катчысынын орун басары Жан-Кристоф Белльярдын төрагалыгы менен өттү.

Сүйлөшүү отурум бардык катышуучуларга тиешелуу саясат жана коопсуздук  маселелерин талкуулого мүмкүнчүлүк берет. Тараптар маанилүу маселелер, анын ичинде терроризм жана зордук экстремизмге каршы аракеттер, баңгитрафикке байланыштуу, жана чек араларды башкаруу кырдаалдары боюнча пикир алмашты. Андан тышкары катышуучулар бул тармакта кызматташууну бекемдөөнү карап чыгышты.

Өкүлдөр тобу аймактагы, анын ичинде Афганистандагы туруктуулукту, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелерди талкуулады. Тараптар бардык тармактарда Европа Биримдиги жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн биргелешкен ишмердигин жандандырууга макулдашты.

Саясат жана коопсуздук маселелери боюнча маек Европа Биримдиги жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздук маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жана кызматташууну күчөтүүдөгү эки тараптуу кызыкчылыкты чагылдырат. Ошондой эле бул аянтча Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча стратегиясына жана Европа Биримдиги тарабынан ишке ашып жаткан аймактагы  өнүгүү программасына негизделген кызматташуу базасын бекемдейт.

Европа Биримдиги Борбор Азия өлкөлөрү, алар менен катар Афганистан менен коопсуздук тармагында  Борбор Азияда чек араларды башкарууда BOMCA, Афганистанда BOMNAF программасы аркылуу көрүнүктүү кызматташуу тарыхына ээ. Бул программалар чек араны топтомдуу башкаруу тутумун түзүү, чек ара кызматташуусун бекемдөө жана соода шарттарын жеңилдетүү максаттарын көздөйт.

Европа Биримдиги борбор азия өнөктөштөрүн баңгитраффикке каршы күрөштө аймактык  CADAP жана трансаймактык EU-ACT программалары  аркылуу колдойт.

Саясат жана коопсуздук маселелери боюнча маек үзгүлтүксүз негизде өтөт. Алгачкы иш-чара 2013 жылы Брюсселде болгон. Кийинки отурум 2018 жылы болот.

 

Category
Press releases
Location

Бишкек

Editorial sections
Кыргыз Республикасы