Кыргызстандагы уран калдыктары бар объектилеринин рекультивациясы бир кадам алга жылды
Келишим чыныгы иш баштоо үчүн бардык шарттарды түзөт. ЕБ Борбордук Азиядагы экологиялык стратегиясынын алкагында каралган өкмөттүн колдоосу менен иш чараларды өткөзөт.
Азыркы учурда, ЕБ айтылган конуштарда уран объектилеринин техникалык изилдөөсүн жана экологиялык таасирди баалоосун каржылап жатат. Изилдөөлөр Мин-Куш жана Шекафтарда объектилерди калыбына келтирүүнү баштайт да, бул айылдарда жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн зарыл болгон иш чараларды айкындоого мүмкүнчүлүк берет.
Калыбына келтирүү жумуштары Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын көп жактуу айлана-чөйрөнү калыбына келтирүү Борбордук Азия үчүн донордук фонду аркылуу ишке ашат. Азыркы кезде ЕБ жалгыз донор болуп, 16,5 миллион еврону баштапкы акы катары каржылады.
Келишимдин ратификациясынан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө калыбына келтирүү долбоорун башкаруу үчүн атайын структураны түзүүнү сунуш кылды. ЕБ зарыл болгон техникалык жардамын көрсөтөт.
Айтыла турган нерсе, бул объектилердеги даярдык жумуштары Борбордук Азиядагы уран калдыктарын экологиялык жактан кабылына келтирүү стратегиялык мастер-пландын негизинде жүргүзүлдү. Бул план Атомдук энергия боюнча эл аралык агентствосунун (МАГАТЭ) колдоосунун жардамы менен иштелип чыккан да, 2017-жылы сентябрь айында МАГАТЭнин генералдык конференциясында кабыл алынат.
Муну менен бирге, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) алкагында Борбор Азиядагы коркунучтарды азайтуу үчүн жана эл аралык колдоо көрсөтүү үчүн, 2013-жылдын БУУнун токтомун жүзөгө ашыруунун жүрүшүн талкуулоо үчүн атайын жыйын Нью-Йорк шаарында өткөрүлөт.