THIS CONTENT HAS BEEN ARCHIVED

Европа Бирлиги жана Кыргыз Республикасы өнүктүрүү, соода жана инвестиция максатында кызматташтыкты алга илгерилетүүгө ниеттенет

01.03.2018
Teaser

Европа Бирлигинин (ЕБ) жана Кыргыз Республикасынын (КР) өкүлдөрү 27-февраль-1-мартта Бишкекте ар кандай чөйрөлөрдө кызматташтыкты талкуулоо үчүн жолугушту. Жолугушуу эки: өнүктүрүү жагындагы кызматташтык боюнча Чакан комитет жана соода жана инвестициялар боюнча Чакан комитет форматында өткөн туруктуу саясый диалогдун алкагында болду.

Text

Биринчи жыйналышы 27-февралда болгон өнүктүрүү жагындагы кызматташтык боюнча жаңы Чакан комитеттин ишинин башталышы ЕБдин өлкөнү саясый, экономикалык жана социалдык туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн реформаларды жүргүзүүдө КР бийликтерин колдой тургандыгын ырастап турат.  Жолугушуунун катышуучулары өнүктүрүү, атап айтканда, Кыргыз Республикасы үчүн Көп жылдык индикативдик программалар (2014-2020-жылдарга) кызматташтык секторлорунда келечектеги долбоорлорду жана өзгөртүүлөрдү пландаштыруу максатында кызматташтыктын артыкчылыктарын жана программаларын кылдат карап чыгышты.

Бул программанын  184 млн евро өлчөмүндөгү жалпы пакети негизги үч сектор: укуктун үстөмдүгү, билим берүү жана айылдык региондорду комплекстүү өнүктүрүү боюнча бөлүштүрүлгөн. Кыргызстандын Өкмөтү ушул максаттуу секторлор мурдагыдай эле актуалдуу жана максатка ылайыктуу экендигин ырастады; азыркы учурда орто мөөнөттүк реформалар жүзөгө ашырылып жэтат.

Жакында Өкмөт өлкөнүн калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу башкы артыкчылыктардын бири экендигин билдирген. Ушуну эске алуу менен ЕБ суу менен жабдууну камсыз кылууну кошуп алганда конкреттүү жактарга инвестицияларды жогорулатуу максатында Борбордук Азия үчүн Региондук индикативдик программасынын бюджетинен Кыргызстан үчүн кошумча каражаттарды бөлөт.

28-февралда болгон соода жана инвестициялар боюнча чакан комитеттин 16-жыйналышы негизинен эки жактуу соода мамилелерине, ишкер чөйрөдөгү климатка жана региондогу экономикалык кызматташтыкка тиешелүү болду. ЕБ берген преференциялардын Жалпы схемасына (ПЖС+) өзгөчө көңүл бурулду, ал боюнча кыргыз ишкерлери ЕБ рынокторуна 6000 ашык аталыштагы товарларды тарифтерди төлөөнү эске албастан экспорттой алышат.

ЕБ бул схеманы Кыргызстан сыяктуу өздөрүнө адам укуктары, эмгектик укуктар, курчап турган чөйрөнү коргоо, коррупцияга жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндө ООНдун негизги 27 конвенциясын жүзөгө ашыруу боюнча милдеттенмелерди алган өлкөлөрдө  ак ниет башкарууну жана туруктуу өнүктүрүүнү колдоо үчүн берет. 2017-жыл эки жактуу соода үчүн ийгиликтүү жылдардан болду, мында Кыргызстандын продукцияларын ЕБга экспорттоо эки эседен ашыкка, ал эми ЕБден Кыргызстанга товарларды экспорттоо 24%га өскөн.

ЕБ жана Кыргыз Республикасы өздөрүнүн эки жактуу мамилелерин чыңдай берет. 19-декабрда жаңы жалпыны камтыган эки тараптуу макулдашуулар боюнча сүйлөшүүлөр башталды, анын экинчи раунду Бишкек шаарында  28-февралда  жана 1-мартта өттү.

ЕБ ошондой эле Борбордук Азия боюнча ЕБдин жаңы Стратегиясынын алкагында консультациялардын кеңири процессине кирди, ал 2019-жылы сунуш кылынат. Ушул максатта өткөн жумада Бишкекте  Борбордук Азия боюнча ЕБдин Атайын өкүлүнүн катышуусу менен семинар болуп өттү.

 

Category
Press releases
Location

Бишкек

Editorial sections
Кыргыз Республикасы