Бишкекте Европа Биримдигинин санкциялары боюнча окутуу семинарлары өткөрүлдү

02.07.2026
Бишкек, Кыргызстан
Press and information team of the Delegation to KYRGYZSTAN

2026-жылдын 8-9-июнунда Европа Биримдиги (ЕБ) Европа Комиссиясынын эксперттеринин, ошондой эле ЕБ жеке бизнесинин өкүлдөрүнүн катышуусунда Европа Биримдигинин санкциялары боюнча Кыргызстанда окутуу семинарларын уюштурду.

Семинарлардын негизги максаты - Европа Биримдигинин санкциялары жана алардын колдонулушу жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, ошондой эле бул чараларды айланып өтүүнүн алдын алуу болгон. Бул окутуу 2023-жылы Бишкекте уюштурулган биринчи иш-чаранын уландысы болгон.

Биринчи күнкү жолугушууга өкмөт кызматкерлери катышты. Экинчи күнкү семинар Европа Биримдигинин санкциялары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга кызыкдар болгон кыргызстандык жеке операторлорго багытталган.

Окутуу семинарлары Европа Биримдигинин өкүлдөрүнүн жана санкциялар боюнча эксперттердин тобу тарабынан өткөрүлүп, презентациялардан жана интерактивдүү суроо-жооп сессияларынан турду.

Иш-чара Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн жана Эл аралык илим жана технология борборунун (ЭИСТБ) колдоосу менен уюштурулду.