Бишкек ЕБ тарабынан кош каржылануучу долбоордун алкагында жаңы атайын техникага ээ болду
Иш-чара Бишкек мэриясынын жетекчилигинин, Европа Биримдик менен Европанын Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болду. «БСП» МИ үчүн экскаватор-бульдозер, жүктөгүч жана компактор сатып алынган. Болгондо да өз техникалык мүнөздөмөлөрү жагынан компактор Борбордук Азия өлкөлөрүндө жалгыз болуп эсептелет.
Аталган долбоордун алкагында «БСП» МИнин техникалык жабдылышын жакшыртуунун активдүү мезгили башталды. Жаңы санитардык полигонду долбоорлоо жана куруу жөнүндө келишимге кол коюлуп, учурда бар таштанды топтолгон жайды рекультивациялоого келишим даярдалып жатат. Долбоор боюнча алдын ала изилдөө таштандыларды утилизациялоо боюнча учурдагы объектилердин экологиялык жана социалдык таасирин баалоону, ошондой эле аларга карата экологиялык жана социалдык аудитти өзүнө камтыйт.
Баалоонун натыйжалары Бишкек мэриясынын (meria.kg), долбоордун (tbo.kg), ЕРӨБнын (ebrd.com) веб-сайттарында бардык кызыккан тараптарга тааныштыруу үчүн жайгаштырылат. ЭСТБнын кагаз жүзүндөгү варинаттарын жогоруда көрсөтүлгөн веб-сайттардан алууга болот.
ЭСТБ таштанды топтолчу жайда шарттарды, анын ичинде таштандыларды кабыл алуучу жерди жакшыртуу аталган полигондун чет-жакасында отурукташкан тургундардын көпчүлүгүнө оң таасир кыла тургандыгын аныктады. Долбоор Бишкекте катуу таштандыларды утилизациялоонун жана шаарда жашоо шарттарын олуттуу жакшыртмакчы.
«Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу» долбоору Европанын Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкы тарабынан берилген 11 млн евро көлөмүндөгү насыянын жана Европа Биримдиги менен Европанын Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын 11 млн евро гранттык каражаттарынын эсебинен каржыланат. Долбоордун башкы милдети болуп катуу таштандыларды топтоо, ташып чыгуу жана утилизациялоо сыяктуу бардык баскычтарда башкаруу тутумун жакшыртуу болуп эсептелет.