THIS CONTENT HAS BEEN ARCHIVED

«ЕБнын мини модель» оюну Бишкекте өттү

27.11.2017
Teaser

2017-жылдын 27-ноябрында Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында Кыргызстандын 7 жогорку окуу жайынын студенттеринин катышуусунда адам укуктары темасында оюн болуп өттү. Бул оюндар Европа Биримдигинин медиа-кампания алкагында өткөрүлдү.

Main Image
Text

«ЕБнын мини модель» интерактивдүү   роль  оюндары болуп саналат. Оюндун  катышуучуларынын ар бири  өзүн Европа Биримдигине кирген мамлекет өкүлү катары сынап көрүп жана алар адам укуктары боюнча кандай иш алып барып жатканы менен бөлүшүштү. Оюндун  негизги максаттары  - адамдын критикалуу ой жүгүртүүсүн, эл алдында өзүнүн ой-пикирин айтып бөлүшүүсүнүн жакшыртуу жана өнүктүрүү, изилдөө жүрүзүү техникасы жана методологиясы менен тааныштыруу, жана эң башкысы адам укуктары боюнча баалуулуктарды илгерилетүү.

Оюндун аягында катышуучуларга сертификаттар жана сыйлыктар, ошондой эле  оюндун жеңүүучүлөрүнө  атайын белектер берилди.

“Европа Биримдиги  адам укуктарын дүйнө жүзүндө коргоп келет . Адам укуктары  концепциясы эң негизги  эки баалуулуктун негизинде түзүлгөн: адамдын  кадыр-баркы жана теңдиги. Ошондуктан  ЕБде  жана дүйнө жүзүндө адам укуктары эң негизги жана башкы ролду ойнойт. Биздин кампания  дагы бир жолу адамдын укуктарынын баалуулугун жана адам укуктарынын бузулушу   биздин өнүккөн коомдо аябай чон роль ойнойт экенин билдиргибиз келди”:- деди  Европа Биримдигинин Кыргызстандагы убактылуу ишеним  өкүлү Яап Ора.

Иш-чара Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана Дипломатиялык академия менен биргеликте уюштурулду. Оюнда Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университенин, Дипломатиялык академиянын, Кыргыз-Орус славян университетинин, Кыргызстан Эл аралык университенин, Бишкек финансылык экономикалык академиясынын, БААУ жана Кыргыз Экономикалык университенин окуучулары катышты.

Post category
News stories
Editorial sections
Кыргыз Республикасы